Депутаттар Темир Сариевдин премьер-министрликке талапкерлигин дээрлик бир добуштан колдошту.

Сариевдин талапкерлиги менен ал сунуштаган өкмөттүн курамын 97 депутат колдоп, экөөсү каршы добуш беришти.

Сариевдин өкмөтүнүн курамында анчалык деле өзгөрүү болгон жок.

Каржы министри болуп буга чейин экономика министринин орун басары кызматын аркалап келген Адылбек Кысмалиев дайындалды. Мурунку каржы министри Ольга Лаврова өкмөттүн отставкага кетишине эки апта калганда кызматтан өз каалоосу менен кеткен.

Транспорт министринин ордун мамлекеттик «Кыргыз Темир Жолу» ишканасынын башчысы Аргынбек Малабаев, а экономика министринин ордун Олег Панкратов ээледи.

Жоомарт Оторбаевдин өкмөтүндө иштеп келген калган министрлер өз ордуларында калышты.

Сариев мындан ары министрлер кабинетинин мүчөлөрү «дем алышсыз жана майрамдык күндөрсүз иштей тургандыктарын» убадалады.

«Ата-Журт» фракциясынан депутат Кантемир Мурзабеков жаңы премьер министрлер кабинетинин азыркы курамы менен «иштей албастыгын» билдирди.

«Менде жеке сизге эч кандай дооматым жок, бирок мындай команда менен сиз иштей албайсыз», — деди Кантемир Мурзабеков. Бирок ал өз көз карашын жакшылап түшүндүргөн жок.

Темир Сариев быйылкы парламенттик шайлоого катышпай тургандыгын убадалады. Бирок ал өкмөттүн мүчөлөрү тууралуу эч кандай убада берген жок, болгону министрлер менен вице-премьер-министрлер парламенттик жарышка катышуусу боюнча бир айдын ичинде чечим кабыл ала тургандыктарын айтты.

Жоомарт Оторбаевдин буга чейинки өкмөтү 2015-жылдын 24-апрелинде, алтын өндүрүүчү «Кумтөр» ишканасынын түзүмүн өзгөртүү боюнча маселенин чечилбегендигинен улам отставкага кеткен.

Эми Темир Сариев башында турган өкмөттүн курамын президент Алмазбек Атамбаев жактырышы керек.

Ал ортодо «Фэйсбук» социалдык түйүнүндө болжолдуу түрдө 2010-жылдын жай айларында тартылган видео пайда болду. Анда Атамбаев Сариевди «эч качан өкмөткө жолотпой тургандыктарын айткан.

Автор: Азат Рузиев.