Мария Шпагина — эл аралык мелдештерде Кыргызстандын атынан чыгып жүргөн жаш спортчу. Ал 9 жашынан тарта жеңил атлетиканын түрлөрү менен машыгып баштап, 14 жашына карата Кыргызстандын эки жолку чемпиону болууга жетишкен.

Мария спорттун бул түрү менен жеңил атлетика боюнча машыктыруучу болуп эмгектенген апасынын аркасында машыгып баштаган.

«Мен келечекте спорттун ушул түрү менен [жеңил атлетика менен] алектене турганымды билчүмүн. Мен кичинекей кезимде апам менен машыгууларга барып, кээ бирде каалаганда чуркачумун. Бирок 3-класстан тарта муну менен олуттуу алектенип баштагам», — деди ал.

Спортчу кыз алгач ага кыйын болгондугун жана эч кандай байгелүү орундарга ээ болбогондугун билдирди. Бирок өткөн жылы Мария Шпагина жеңил атлетиканын  многоборье түрү боюнча Казакстандын чемпиону болгон. Анда ал 13 жашта болчу.

«Кышында ал өз курдаштарынын арасында многоборье боюнча Казакстандын чемпионатында биринчи орунга ээ боло алды», — дейт анын машыктыруучусу Николай Алехин.

Андан соң Мария 16 жаштан төмөнкү курактагы Кыргызстандын 2014-жылдагы мыкты спортчуларынын рейтингинде экинчи орунду алган. Спортчу кыздын айтымында, ал өлкөдө жеңил атлетиканын многоборья түрү менен алектенген жалгыз спортчу.

«Кыргызстанда менден башка многоборье боюнча (спортчулар) таптакыр жок. Албетте бар дегилечи, бирок алар аны менен профессионалдуу алектенишпейт», — деди ал.

Спортчулар жеңил атлетиканын многоборье түрүндө чуркоодон тарта ядрону түртүп ыргытууга чейинки түрдүү дисциплиналарда мелдешишет.

Сюжет: Анастасия Стрельникова, Азат Рузиев