Улуттук коопсузук боюнча мамлекеттик комитет «Вечерний Бишкектин» акыркы кайрылуусунда «конституциялык түзүлүштү кулатуу» чакырыктарынын бар-жоктугун текшерет. Буга чейин басылма президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы кызмат адамдарын «рейдерлик басып алууга» айыптаган.

23-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы мекеме «Вечерний Бишкектин» жетекчилигинин 22-апрель күнү кечинде жарыяланган кайрылуусун текшере тургандыгы жазылган пресс-релиз таратты.

«Аталган кайрылууда республиканын конституциялык түзүлүшүн күч колдонуп өзгөртүү чакырыктарынын бар-жоктугун текшерүү максатында УКМК тиешелүү иш-чараларды өткөрүүдө, керектүү экспертизалар дайындалды», — деп жазылган мекеменин кайрылуусунда.

УКМКнын басма сөз кызматы экспертизанын жыйынтыгы боюнча «тиешелүү процессуалдык чечимдерди» кабыл алуу менен юридикалык баа бериле тургандыгын кошумчалаган.

Атайын кызматтагылар өз пресс-релизинде алар «Вечерний Бишкектин» жетекчилигинин дагы «коопсуздугун сактоого тиешелүү чараларды көрүүгө даяр экендиктерин» билдиришкен. Буга чейин кайрылуунун авторлору «өз өмүрлөрү жана саламаттыгы үчүн коркуп жаткандыктарын» жазышкан.

«Вечерний Бишкек» өз кайрылуусунда кыргызстандыктар менен саясатчыларды президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы кызмат адамдарына «жүгүнүүнү» токтотуп, аларга каршы биригүүгө чакырган.

Басылма президенттин  маалыматтык саясат боюнча кеңешчиси Фарид Ниязовду, президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Икрамжан Илмияновду жана өлкө башчысынын мурунку жансакчысы Эркин Мамбеталиевди басылманы «рейдерлик жол менен басып алуу» аракетине айыптоодо.

«Вечерний Бишкек» Атамбаевдин жакын адамдары басылманын мурунку ээси Александр Рябушкин аркылуу басылмага ээ болуп калууга аракет кылып жатышат деп эсептейт. Рябушкиндин өзү басылма сотторго басым жасоо үчүн президенттин көңүлүн буруп, маселени өтө эле саясатташтырып жатат деп эсептейт.

Президенттин басма сөз катчысы Жанар Акаев «Вечерний Бишкектин» кайрылуусу боюнча кийинчерээк түшүндүрмө бере тургандыгын айтты.