Транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов отставкага кетүү тууралуу арызын 21-апрелде жазган. Азырынча анын отсавкага кетүүсүнүн себептери белгисиз.

Транспорт министрлигинин мурунку башчысы кызматтан кетүү арызын жазгандыгы тууралуу маалымат пайда болгондон бир нече саат өткөн соң президент Алмазбек Атамбаев Султановдун арызын канааттандырды.

vb.kg жаңылыктар сайты президент Алмазбек Атамбаевдин аппаратындагы анонимдүү булактарына шилтеме жасоо менен Калыкбек Султановдун отставкага кеткендиги тууралуу жазган.

«Азаттык» радиосу транспорт министри кызматтан кетүү тууралуу арызын 21-апрелде жазгандыгын билдирген. Басылма «ишенимдүү» булактарына шилтеме жасоодо.

24.kg маалымат агенттиги азырынча Султановдун отставкага кетүүсүнүн себептери белгисиз экенин, бирок анын кызматтан кеткендиги тууралуу маалыматты өкмөттөн ырастап жаткандыктарын жазды.

«Анын кызматтан кетүү тууралуу өз каалоосу менен арыз жазгандыгы кабарланууда. Азырынча анын кызматтан кетүү чечимин кабыл алуусуна эмне себеп болгондугу белгисиз», — деп жазган 24.kg.

Транспорт министринин өзү бул боюнча түшүндүрмө алууга жеткиликсиз болууда. Мекеменин басма сөз кызматынан да башчысынын отставкасынын себептерин айтып бере алышкан жок.

Калыкбек Султанов транспорт жана коммуникациялар министри кызматын 2011-жылдын декабрынан бери аркалап келген. Транспорт министрлигинин башчысы Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициясынын курамына кирген «Ата Мекен» фракциясы тарабынан сунушталат.

Султанов — акыркы сегиз ай ичинде Жоомарт Оторбаевдин өкмөтүндөгү кызматтан кеткен тогузунчу министр болуп калды. Эки апта мурун мурунку каржы министри Ольга Лаврова отставкага кетүү тууралуу арызын жазып, кызматтан кеткен.

Транспорт министрлигинин башчысы кээ бир парламент депутаттарынын «Кумтөр» ишканасы боюнча жаңы макулдашууну даярдоодогу өкмөттүн «канааттандыраарлык эмес» иши жана Кыргызстандагы экономикалык өсүштүн жоктугу үчүн премьер-министр Оторбаевди отставкага кетирүү чакырыктарынын фонунда кызматтан кетүүдө.