Атайын кызматтагылар популярдуу «Вечерний Бишкек» гезитинин редакторлору менен маектешүү өткөрүштү. Бул гезит жамаатынын президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоп, анда өлкө башчысынын айланасындагы кызмат адамдарын басылманы тартып алуу аракетине айыптагандан кийин болууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет өкүлдөрү «Вечерний Бишкектин» кызматкерлери менен 18-апрель күнү кечинде «маектешүү өткөрүшкөн» —атайын кызматтагылардын маалыматтары боюнча, сурамжылоо президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен жүргүзүлгөн.

«Учурда УКМК Башкы прокуратура менен биргеликте кайрылууда келтирилген дооматтарды текшерүү боюнча арыз ээсине, ошондой эле анда көрсөтүлгөн адамдарга карата кошумча тергөө иш-чараларды жүргүзүүдө», — деп жазылган УКМКнын билдирүүсүндө.

«Вечерний Бишкек» холдингинин vb.kg сайтынын башкы редактору Дина Маслова Kloop.kgге берген маегинде жамаат менен «маектешүү» 18-апрель күнү саат бештен онго чейин өткөндүгүн айтты — атайын кызмат өкүлдөрү басылманын кызматкерлери менен болгон сүйлөшүүлөрдү видеого тартып алышкан.

Анын айтымында, УКМК кызматкерлерин басылманын бир бөлүгү мурунку ээси Александр Рябушкинге өткөрүлүп берилиши керек болгон соттун чечими эмес, а алардын өлкө башчысына жолдогон кайрылуусу көбүрөөк кызыктырган.

«Авторунун ким болгондугун, кимдердин кол койгондугун билгилери келди. Көрсөтүлгөн адамдар тууралуу билгилери келди… кайрылуунун мааниси болсо биз боюнча мыйзамсыз соттун чечимине көңүл бурдуртуу болчу», — деди ал.

«Вечерний Бишкектин» жетекчилиги Атамбаевдин айланасындагы кызмат адамдарын Рябушкин аркылуу басылмага ээ болгулары келип жатат деп эсептөөдө. Азырынча акыркы сот инстанциясынын чечүүчү өкүмү чыгарыла элек.

Автор: Малика Баяз