16 кыргызстандыктын өмүрүн алып кеткен Казакстандын түштүгүндөгү ири жол кырсыгынан каза болгондордун жакындары сөөктөрүн мекенине алып келүү үчүн Казакстандын Балхаш жана Приозёрск шаарларына жөнөп кетишти.

Каза болгондордун бардыгынын тең ким экендиктери аныкталды, кырсык болгон жерде алардын кээ бирлеринин туугандары бар, деди Kloop.kgге берген маегинде ӨКМдин өкүлү Мухаммед Сваров.

«Туугандарынын кээ бирлери эртең менен Кордайдан чыгып кетишкен, калганы Оштон кетишти. Азыр эле калгандарынын ким экендигин аныктап бүтүштү, эми алардын туугандары да барышат», — деди ал.

Ал каза болгондордун дээрлик бардыгынын туугандарына кабар берилгендигин, болгону Абдысамат Эралиевдин гана жакындары табыла электигин кошумчалады.

«Анын паспорту күйүп кеткен, болгону айдоочулук күбөлүгү калган, ал аркылуу анын Баткен облусунан экендигин аныктадык. Учурда анын туугандарын издеп жатабыз», — деди ал.

Сваров 19 киши кырсыктын курмандыгы болгондугун айтты — алардын 16сы каза болуп, үчөөсү оор абалда ооруканага жеткирилишкен. Анын айтымында, учурда кырсык болгон жерде кыргыз дипломаттары менен ӨКМ өкүлдөрү иштеп жатышат.

«Жол кырсыгынын себептерин аныктоо менен тиешелүү казакстандык органдар алектенүүдө. Себептери дагы деле белгисиз», — деди ал.

Жол кырсыгы 19-апрелде Алматы-Екатеринбург унаа жолунун 487-чакырымында болгон. «Газель-2705» жүк унаасы менен «Мерседес Бенц Спринтер» кичи автобусунун бетме-бет сүзүлүүсүнөн 19 киши жабыркаган.

ӨКМдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, кичи автобуста 19 киши болгон — алардын бардыгы тең Бишкекти көздөй бара жаткан кыргызстандыктар болушкан. Каза болгондордун арасында үч жаш бала бар болгон.