«Калыс» саясий кыймылынын төрагасы Жеңиш Молдокматов 2015-жылдын күзүндө өтө турган парламенттик шайлоого катыша тургандыгын билдирди. Ал «гей-пропагандага» каршы жана «чет элдик агенттер» тууралуу мыйзам долбоорлорунун кабыл алынышын жактап, акция өткөрүп келгендиги менен белгилүү.

Молдокматов Kloop.kgге берген маегинде парламенттик шайлоого катыша тургандыгын билдирип, бирок кайсыл партиянын тизмесинде болорун тактап айткан жок — айтымында, ал талапкерлигин өз кыймылынын атынан көрсөтпөйт, анткени ал саясий партия катары каттоодон өткөн эмес.

«Азыр шайлоого кантип, ким менен жана кандай жол менен баруу тууралуу ойлонуп жатам», — деди ал.

Кыймылдын лидери шайлоо күрөөсүн 500 миң сомдон 5 млн. сомго чейин жогорулатууга каршы экенин билдирди — парламент мыйзам долбоорун кабыл алып, кол коюуга президентке жөнөткөн. Молдокматовдун айтымында, эгер президент мыйзам долбооруна кол койсо, анда жаш саясатчылар шайлоолорго катыша албай калышат.

«Биз бул мыйзам долбоору менен парламенттин V чакырылышынын депутаттары көпчүлүктүн кызыкчылыгын эске албастан эле VI чакырылышта калууну каалап жатышат деп ойлойбуз», — деди ал. Жаш саясатчы эгер мыйзам кабыл алына турган болсо Конституциялык палатага кайрыла тургандыгын кошумчалады.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Абдыжапар Бекматов шайлоо күрөөсүн жогорулатууну «саясий күчтөрдү бириктирүүнүн башкы куралы» деп эсептейт — айтымында, Кыргызстанда «саясий партиялар өтө эле көп».

Бекматов кээ бир саясий партиялар шайлоого өзүнүн коомдогу «саясий салмагын» билүү үчүн гана катышышат деп эсептейт — депутаттын пикиринде, бул үчүн алар акча төлөөлөрү керек.

«Биз эгер кайсыл бир саясий күч же талапкер өзүнүн коомдогу саясий салмагын билгиси келсе, анда алар өзүлөрү акча төлөп билишсин деп эсептейбиз. Ошондуктан биз күрөөнү жогорулатуу чечимине келдик», — деди Бекматов Kloop.kgге берген маегинде.

«Прогрессивдүү нерселерге оппозиция»

Саясат таануучу Эльмира Ногойбаева саясат талаасында «Калыс» сыяктуу кыймылдардын пайда болушун «кооптуу белги» деп эсептейт.

«Эгер өлкөнүн өнүгүүсү тууралуу айтсам,анда мен үчүн «Калыс» — бул кооптуу белги. Менин оюмча, ушундай адамдарга ишенишет, ал эмес андай адамдарды алдыга сүрөп башташты деп божомолдойм», — деди ал.

Ногойбаеванын пикиринде, «Калыстын» саясаты «прогрессивдүү нерселерге оппозиция болуу» үчүн куралган.

«Менин оюмча, алардын сырткы салттуулугу жана сырткы антуражына карабастан аларды сырткы күчтөр пайдаланышат. Алардын болгон кургак чечендиги, болгон саясаты өнүгүү үчүн эмес, а прогрессивдүү нерселер менен репрессиялык саясат үчүн куралган», — деди саясат таануучу Kloop.kgге берген маегинде.

«Калыс» кыймылы менен Молдокматовдун өзү «салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоого» каршы жана «чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзам долбоорлорунун кабыл алынышын колдоп өткөргөн акциялары менен белгилүү. Алар үстүбүздөгү жылдын февралында «гейлерге каршы» мыйзам долбоорунун кабыл алынышын талап кылып парламент имаратынын алдында митинг өткөрүшкөн.

Бир жыл мурун «калысчылар» АКШнын элчилигинин алдында да митинг өткөрүшүп, жарандык активист Илья Лукаштын сүрөтүн өрттөп, эгер Батыштын Кыргызстандын ички саясатына «кийлигишүүсү» токтобосо «чечкиндүү чараларды» кабыл ала тургандыктарын айтып убадалашкан.