Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жол кырсыгы болгон жерден денеси күйүп кеткен 14 адамдын сөөгү табылгандыгын жана ооруканага бара жаткан жолдо дагы бир киши каза болгондугун билдирди. ӨКМдин Кризистик абалдар боюнча башкармалыгынан каза болгондордун саны 16га жеткендигин такташты — Кыргызстандын дагы бир жараны 20-апрелге караган түнү ооруканада көз жумган.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, жол кырсыгы 19-апрелде Алматы-Екатеринбург унаа жолунун 487-чакырымында болгон — жолдо «Газель-2705» жүк унаасы менен «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү кичи автобус сүзүшкөн.

Кичи автобуста 19 киши бар болгон — алардын бардыгы тең Бишкекти көздөй келе жаткан кыргызстандыктар болушкан. ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, азырынча кырсыктын келип чыгуу себептери белгисиз.

«Кагылышуунун жыйынтыгында унаа каражаттары күйүп кеткен, өрт болгон жерден денелери күйүп кеткен 14 адамдын сөөгү табылган», — деп жазылган ӨКМдин билдирүүсүндө.

190415-017

Мекеменин маалыматы боюнча, унаанын ичинен эки айдоочунун жана 12 жүргүнчүнүн денелери табылган, алардын үчөөсү — жаш балдар. Дагы бир жүргүнчү Эрлан Арыскулов алган жараатынан улам Караганда облусунун жаракат алгандар жеткирилген Приозерск шаарынын ооруканасында көз жумду.

Кыргызстандын ӨКМинин алдындагы Кризистик абалдар боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Мухаммед Сваров Kloop.kgге берген маегинде 19-апрелден 20-апрелге караган түнү Приозерск шаарынын ооруканасында дагы бир киши каза болгондугун билдирди.

Ал жалпысынан кырсыктан 20 киши жабыркагандыгын тактады — 19у Кыргызстандын жарандары жана дагы бирөө Казакстандын жараны. Каза болгондордун саны 16га жетти.

ӨКМден каза болгондордун сөөктөрүн үйлөрүнө жөнөтүүгө даярдап жаткандыктарын билдиришти. Учурда алар Балхаш шаарынын өлүкканасында . Кыргызстандын Казакстандагы консулу каза болгондордун сөөктөрүн үйлөрүнө жөнөтүү иштерин уюштуруу үчүн Балхаш шаарына жөнөп кеткен.

190415-012

Жол кырсыгынан жаракат алган дагы төрт адам Приозерск жана Балхаш шаарларынын ооруканаларында.

Приозерсктин ооруканасына Самат Майрамбек уулу (1993-жылы Нарын облусунда туулган) менен Тайырбек Сейтбеков (1971-жылы туулган) жеткирилген.

Балхаштын ооруканасына Рустамбек Дарбешов (1993-жылы Баткен облусунда туулган) менен Темирлан Токтарбаев (1993-жылы Жалал-Абад облусунда туулган) жеткирилген.

190415-015

Жол кырсыгынан каза болгондордун тизмеси:

1) Аббас Оринбаев, 2008-жылы туулган;
2) Аброриддин Оринбаев, 2006-жылы туулган;
3) Хадичахон Оринбаева, 2003-жылы туулган;
4) Гавхарай Оринбаева, 1981-жылы туулган;
5) Оринбаева Мавжуда Хамидовна, 1953-жылы туулган, Оштун тургуну;
6) Эрлан Арыскулов, 1992-жылы туулган, Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын тургуну;
7) Махамаджан Амираев, 1974-жылы туулган, Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркенд айылынын жашоочусу;
8) Сартмамбетов Мукамбет Сейдалиевич, 1982-жылы туулган, Ош облусунун Кара-Кулжан районунун Көкарт айылынын тургуну;
9) Эрашиев Абдисамат Токтасинович, 1974-жылы туулган;
10) Максатбек Сайкоев, 1985-жылы туулган (ооруканада каза болгон);
11) Бактияр Журабаев, 1987-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну (кичи автобустун айдоочусу);
12) Жыргалбек Абдуллаев, 1983-жылы туулган, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Бекжар айылынын жашоочусу (кичи автобустун айдоочусу).

Каза болгондордун дагы үчөөсүнүн ким экендиги азырынча белгисиз, учурда алар боюнча маалыматтар такталууда.

Сүрөт: Кыргызстандын ӨКМинин басма сөз кызматы.