Башкы штаб Коргоо министрлигинин кызматкерлерине карата «коррупция» беренеси боюнча 51 кылмыш ишинин козголгондугу тууралуу Башкы прокуратуранын маалыматын четке какты. Башкы штабдан көзөмөлдөө органы өз отчетунда 2014-жылы козголгон эмес, а ошол жылы өндүрүштө болгон кылмыш иштери тууралуу «айткысы келгендигине» ишендиришүүдө.

Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз катчысы Азамат Дүйшембеков Kloop.kgге берген жазуу жүзүндөгү маегинде 2014-жылы Коргоо министрлигинин кызматкерлери «коррупциялык мүнөзгө ээ алты кылмыш жасагандыктарын» билдирди.

Өткөн аптада Башкы прокуратуранын башчысы Индира Жолдубаева парламент депутаттарынын алдында 2014-жылдын ичинде Кыргызстандагы мыйзамдуулуктун сакталышынын абалы боюнча отчет берип, Коргоо министрлигинде 51 коррупциялык кылмыш аныкталгандыгын билдирген.

«Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын отчетунда өткөн жылдары козголгон, бирок 2014-жылы прокуратура органдарынын өндүрүшүндөгү кылмыш иштеринин саны боюнча маалымат баяндалган», — деп ишендиришти Башкы штабдан.

Башкы штабдын басма сөз кызматынан коррупциялык кылмыштардын алтоосу боюнча тең «кылмыш иши козголуп, тиешелүү чаралар көрүлүп жаткандыгын» билдиришти.

Башкы прокуратуранын баяндамасына ылайык, өткөн жыл ичинде Коргоо министрлигинде 51 коррупциялык кылмыш аныкталган. Мындай мүнөздөгү кылмыштардын саны боюнча Ички иштер министрлиги экинчи сапка жазылган.

Бирок отчётто кандай кылмыш иштери козголгондугу тууралуу кеңири маалымат жок.

Аны менен катар коргоо мекемеси коррупциянын төмөндөшү боюнча эң мыкты көрсөткүчтөрдүн бирине ээ болгон — 2013-жылга салыштырмалуу коргоо министрлигинде паракорчулукка байланышкан кылмыштар 35 пайызга азайган.

Прокуратура органдары 2014-жылы мамлекетке 880 млн. сомдон ашык зыян келтирген коррупциялык кылмыштар боюнча жалпысынан 1250 кылмыш ишин козгогон. Кылмыш кодексинин коррупция беренесинин өзү боюнча өткөн жылы болгону 12 гана кылмыш иши козголгон.

Коррупция менен күрөшүү

Коррупция менен күрөшүү — 2014-жылдын апрелинин башында жаңы өкмөттүн курамы бекитилип жаткандагы башкы багыттардын бири болгон.

Коррупциялык кылмыштар менен күрөшүүгө президент Алмазбек Атамбаев дагы — кеминде билдирүүлөрү менен — өзгөчө көңүл бурууда. Ал бул тууралуу бир нече жолу билдирип, «мамлекеттик кызматта миллионер болуп кетүүгө болбойт» деп айткан.

Учурдагы бийлик маалында эң чуулгандуу коррупциялык айыптоолор Бишкектин эки мурунку мэрине — Нариман Түлеев менен Иса Өмүркуловго — жана кезинде салык кызматы менен социалдык фонддун башчысы болгон оппозициялык депутат Акматбек Келдибековго каршы козголгон кылмыш иштери болуп калды.

Сүрөт: ELF