Компьютердик «Dota 2» оюну боюнча Cyber Namba Championship мелдешинин финалдык бөлүгү борбордогу «Метро Пабда» өттү — анда чемпионаттын жеңүүчүсү болуп «Project85» командасы табылды. Экинчи орунга «KGsecret», а үчүнчү орунга — «Misters» командалары ээ болушту.

«Dota 2» боюнча чемпионаттын финалдык бөлүгүнүн толук видеосу:

«Project85» командасы «Cyber Namba Championship» мелдешинин чемпиону болуп, баш байгеге— 60 миң сомго ээ болду. Ал 8 оюндун жыйынтыгы боюнча башка эки командадан — «Misters» менен «KGsecretтен» күчтүү болуп чыкты.

Мелдештин финалдык бөлүгү Бишкектеги «Метро Пабдын» концерттик залында өттү. Экинчи орунга ээ болгон «KGsecret» командасы 40 миң, а үчүнчү орун алган «Misters» командасы 20 миң сомдук байгеге ээ болушту.

«Cyber Namba Championship» мелдешинин негизги бөлүгүнө 261 команда катышып, бир аптанын ичинде 700гө жакын оюн ойношкон. Ал оюндар онлайн түрүндө өткөн.

Чемпионаттын уюштуруучуларынын бири Нурлан Шакиров ишендиргендей, бул мындай масштабдагы алгачкы мелдеш — «Cyber Nambaга» катышуу үчүн 670 команда каттоодон өтүп, алардын 250дөн ашыгы катыша тургандыгын ырасташкан.

Шакировдун айтымында, чемпионат Кыргызстанда өтө кызыгууну жаратты — «Dota 2» боюнча мелдештердин бардыгы тең «Cyber Namba Championship» маалында токтотулган.

Уюштуруучулардын пландарына ылайык, «Cyber Namba Championship» мелдешин сезон сайын бир жолудан өткөрүп туруу пландалууда, а чемпионат өз ичине «Dota 2» боюнча мелдештерди гана эмес, башка видео-оюндарды да камтыйт.

«Dota 2» — «көп колдонуучуларга арналган онлайн согуштук арена» (MOBA) жанрындагы эң популярдуу тармактык командалык оюндардын бири. 2015-жылдын февралындагы маалыматтар боюнча, «Dota 2нин» ар айлык аудиториясы 10 миллиондон ашык кишини түзөт, ал эми бир маалда ойногон колдонуучулардын саны миллиондон ашат.

Авторлор: Никита Серов менен Виталий Белошапкин.