«Кыргыз чоролору» улутчул кыймылынын «Кырк кыз» аталышындагы аялдар канатынын өкүлдөрү жаш кыздардын арасында өз идеяларын, анын ичинде «үй-бүлө баалуулуктарын, патриархат жана исламдан баш тартуу» идеяларын жайылтууну пландап жатышат.

«Кырк чоро» сыяктуу эле «Кырк кыз» дагы «Кыргыз чоролору» коомдук бирикмесинин бейформал туунду уюму болуп эсептелет. Азырынча «Кырк кыздын» лидерлеринин биримдикти Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрүү ниеттери жок.

Активисттер «Кырк чородон» айырмаланып рейддерди өткөрүүнү пландашпай эле.

Кыймылдын лидерлеринин бири Перизат Суранованын айтымында, «Кырк кыз» мүчөлүк төгүмдөр аркылуу гана каржыланат.

«Маанилүү жана приоритеттүү багыттардын бири — бул жаш кыздар менен иштөө, анткени алар кимдир бирөөнө жубай, эне болушат да. Жаңы үй-бүлөдө өзүн кантип алып жүрүү керек, апа болгондон кийин кантип алып жүрүү керек, балдарды кантип тарбиялоо керек, ал эмес жөнөкөй гана ашкананы кантип уюштуруу керек»,- деди Суранова.

Активисттер патриархалдык коомду жакташат жана патриархат эч качан аялдарды басынтуу жана эркектерди мактоо дегенди түшүндүрбөйт деп эсептешет.

Алардын пикирлеринде, феминизм кыргыз коомчулугуна терс таасирин тийгизет, анткени анда (кыргыз коомунда) эч качан «аялдардын эзилүүсү» болгон эмес.

Салттуу билимдер боюнча эксперт Чынара Сейдахматова Орусия Федерациясынын Мамлекеттик думасынын депутаты Елена Мизулинанын ишмердүүлүгүн колдой тургандыгын айтты. Мизулина «салттуу мамилелерди» колдоп, аялдардын боюнан алдыруусуна, ЛГБТ жана чет өлкөлүктөрдүн бала асырап алуусуна каршы мыйзамдарды колдоп келгениги менен белгилүү.

«Кырк чоро»

«Кырк чоро» кыймылы Бишкектин караоке-барларында өткөргөн рейддеринен кийин белгилүүлүккө жеткен. Активисттер андай жайларда өз алдынча текшерүү иштерин жүргүзүшүп, алардын ээлерин «сойкукана» иштетүүгө айыпташкан.

«Кырк чоронун» лидерлеринин айтымдарында, Кыргызстан боюнча уюмдун мүчөлөрүнүн саны беш миңден ашык.

10-апрелде активисттер Жоомарт Оторбаевдин «Центерранын» директорлор кеңешинин мүчөлөрүн чет өлкөлүк жарандарга алмаштыруу демилгесине каршы митинг өткөрүшкөн. Ошондой эле анда алар премьер-министрдин отставкасын да талап кылышкан.

Автор: Малика Баяз

Видео: Виталий Белошапкин