Бишкектин «Дордой» жана «Алга» футболдук клубдарынын Кыргызстан чемпионатынын Топ-лигасынын экинчи турундагы беттеши 1:1 эсебинде аяктады.

Оюн эсеби 32-мүнөттө ачылды. «Алганын» капитаны Павел Сидоренко оң капталдан көтөрүлгөн топту атаандаш дарбазасына таамай туштады, 0:1.

Эки мүнөттөн соң «Дордойдун» чабуулчусу Алмазбек Мирзалиев эсепти теңеди. Талаа ортосунан чыгарылып берилген топту Элхан Темирбаев бир тийүү менен Мирзалиевге өткөрүп берди. Өз кезегинде «дордойчулардын» чабуулчусу «Алганын» дарбазачысы Павел Матяшка эч кандай мүмкүнчүлүк берген жок, 1:1.

Күндүн башка оюндарында Канттын «Абдыш-Атасы» Нарындын «Ала-Тоо» командасын 1:0 эсебинде утту, а «КейДжи Юнайтед» өз талаасында Оштун «Алай» командасына 1:4 эсебинде утулду.

Ошентип, «Дордой» үч оюндан кийин 7 упайы менен турнирдик таблицада биринчи орунду ээлеп турат, а «Алга» болсо бир упай алып, Кыргызстандын Топ-лигасында төртүнчү орунга жайгашты.

«Абдыш-Ата» менен «Алай» клубдары чемпионаттын экинчи орунунда — эки оюндан кийин эки команда тең 6 упайга ээ.

Беттештин тексттик хроникасы:

18:23 Бүттү. Беттеш аяктады. Эсеп 1:1. Кийинки оюндар 20-апрелде өтөт.

18:20 Беттештин негизги убактысы аяктады. Калыс үч мүнөт кошту.

18:13 «Дордой» тынымсыз «Алганын» айып аянтчасына чабуул жасоодо, бирок азырынча эч натыйжасысыз.

18:10 «Алганын» оюнчусу Турсунали Рустамов атаандашынын айып аянтчасына сол тараптан кирип барды, бирок бир аз алпурушуп, артка кайтып келүүгө жетишкен «Дордойдун» төрт оюнчусун алдап өтө алган жок.

18:06 Топ оюн талаасынын ортосунан «Дордойдун» айып аянтчасына көтөрүлүп берилди, бирок «Алганын» чабуулчусу топко жетпей калды.

18:04 «Алганын» оюнчусу Ильдар Амиров сол тараптан өтүп барып атаандаштын айып аянтчасына кирип барды, бирок «Дордойдун» коргоочусу ага сокку узатууга мүмкүнчүлүк берген жок.

18:00 «Алганын» оюнчусу Игорь Кудренко талаанын борборунда башын кармап жатып калды. Беттеш бир аз убакытка токтотулду. Медиктер жардам көрсөтүү үчүн Кудренкону оюн талаасынан алып кетүүдө.

17:57 «Дордойдун» алмашууга чыккан жарым коргоочусу Кайрат Жыргылбек уулу «Алганын» дарбазачысы менен бетме-бет чыкты, бирок «алгачылардын» коргоочусу Аскар Салиев топту бурчту көздөй тээп жиберүүгө жетишти.

17:48 «Алганын» оюнчусу Мирбек Акматалиев «Дордойдун» дарбазачысынан топту тартып алып, дарбазаны көздөй оң тараптан катуу сокку узатты, бирок топ дарбаза мамысына тийип калды. Эсеп өзгөргөн жок 1:1.

17:46 «Алга» бурчтан тебүү угуна ээ болду, бирок жыйынтыксыз — «Дордойдун» дарбазачысы Максим Агапов топту ишенимдүүлүк менен айып аянтасынан чыгарды.

17:39 «Дордой» Павел Матяштын дарбазасына жол ачууга аракет кылды, бирок ал натыйжасыз болуп чыкты.

17:36 Экинчи жарым бөлүк башталгандан бери «Алга» «дордойчуларды» өз жарым талаасында кысымга алууда.

17:34 Беттештин экинчи жарым бөлүгү башталды. Кеттик!

17:18 Биринчи жарым бөлүк аяктады. Командалар тыныгууга кетишти.

17:17 Оюн акырындык менен талаанын борбордук бөлүгүнө өттү. Командалар айып аянтчасына чейин сейрек жеткен чабуулдары менен алмашууда.

17:14 «Дордойдо» гол киргизип, артыкчылыгын арттырууга мүмкүнчүлүк болду. «Дордойчулардын» жарым коргоочусу дарбазаны көздөй оң каптал менен барып, айып аянтчасынын борбордук бөлүгүнө катуу сокку узатты, бирок «Алганын» коргоочусу топту токтотуп, талаа сыртына узатууга жетишти.

17:06 «Дордойдун» оюнчусу Алмазбек Мирзалиев эсепти теңеди. 1:1.

17:04 «Алганын» капитаны Павел Сидоренко оюн эсебин ачты. «Алга» 1:0 «Дордой».

17:04 Күндүн үчүнчү оюнунда Оштун «Алай» командасы «КейДжи Юнайтедди» 2:1 эсебинде утууда.

17:02 Күндүн дагы бир беттешинде Канттын «Абдыш-Атасы» өз талаасында Нарындын «Ала-Тоо» командасын 1:0 эсебинде утууда.

17:01 «Дордой» дайыма «Алганын» оюнчуларын кысымга алып, кээ бирде гана атаандашынын өз айып аянтчасына келүүсүнө мүмкүндүк берүүдө.

16:57 «Дордой» сары, «Алга» —ак формада ойноодо.

16:56 Урматтуу биздин түз берүүбүздүн көрөрмандары, сиздерден кечирим сурайбыз. Биз азыр гана түз эфирге чыга алдык. Командалардын беттешинин башталганына 22 мүнөт болду. Эсеп 0:0.

Командалар курамы:

«Дордой»: Максим Агапов (дарбазачы), Талант Самсалиев (капитан), Курсанбек Шератов, Азамат Байматов, Калимулла, Алмазбек Мирзалиев, Ислам Шамшиев, Марат Аджиниязов, Вадим Харченко, Азиз Сыдыков, Эльхан Темирбаев.

«Алга»: Павел Матяш (дарбазачы), Павел Сидоренко (капитан), Александр Бельдинов, Турсунали Рустамов, Эрмек Нусубалиев, Ильдар Амиров, Игорь Кудренко, Сулейман Самарбек уулу, Артур Муладжанов, Мирбек Акматалиев, Аскарбек Салиев.