«Кылым шамы» укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдирасулова War is boring аскер блогундагы кыргыз армиясы тууралуу макала боюнча түшүндүрмө берди. Анын айтымында, макаланын автору «фантазиялап», кээ бир жерлерин бурмалап жиберген.

Билдирүү Абдирасулованын айткандары боюнча келтирилүүдө. Түп нускасы анын «Фэйсбуктагы» баракчасына жарыяланган. Кноделлдин макаласынын котормосу менен бул жерден таанышсаңыздар болот.

«Өтө эле аз айлык акы, начар медициналык тейлөө жана жетекчилик тараптан дайыма болуп турчу жемелөөлөр — мунун бардыгы аскер кызматкерлерин акылдан адаштырат» — ушундай темада Улуттук коопсуздук, ардагерлердин жашоосу, тынчтык орнотуу жана качкындардын көйгөйлөрүн чакылдырып келген делинген чет элдик журналист Кевин Кноделл War is Boring блогу үчүн макала жазган.

Азиза Абдирасулова, «Кылым шамы» укук коргоо борборунун башчысы.
Азиза Абдирасулова, «Кылым шамы» укук коргоо борборунун башчысы.

Анда журналист «Кылым шамынын» байкоо жүргүзүүсүнүн жыйынтыктарына шилтеме жасаган . Бирок макала «Кылым шамынын» расмий отчетунан толугу менен айырмаланып турат, анда келтирилген фактылар менен цитаталар байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктарына дал келбейт. Андан сырткары макалада жалган жана чагымчыл жерлери бар.

Журналист макаланын башынан аягына чейин кыргыз армиясын кемсинтип, мазактаган. Мисалы ал «казармаларда качып кутулууга болбогон тердин жагымсыз жыты буркурап турат […] а командирлери жинди […] жаман жетекчилик аскер кызматкерлеринин жашоосун тозокко айландырат […]», деп жазган. Мониторингдин жүрүшүндө мен дайыма казармалардын тазалыгына, аскер кызматкерлеринин гүлдөргө суу куюп жүргөндүктөрүнө суктанчумун. Командирлер жоокерлерге атасындай мамиле кылышат.

Журналист «Февралда кыргызстандык «Кылым Шамы» укук коргоо уюму менен Европадагы коопсуздук жана келишим уюмунун (ЕККУ) жергиликтүү кеңсесинин биргелешкен отчету жарыяланган», деп жазган. Бул дагы жалган, анткени «Кылым шамы» акыйкатчы институту жана Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбору менен биргеликте Башкы штаб менен Аскердик прокуратуранын көмөктөшүүсүндө байкоо жүргүзгөн. Ооба, ЕККУ каражат жагынан колдогон, бирок байкоо жүргүзүүгө катышкан эмес.

Андан ары журналисттин фантазиясы өсүп, [ал] ар кандай сандырак нерселерди жазган. Мисалы, «Айлык акылар өтө эле аз — сержант айына 200 доллардан аз акча алат. Советтер союзу маалынан бери пайдалануудагы казармалар бузулуп баштады, кээ бирде аларда жарык берүүгө кичи лампалар да жетишпей калат — караңгы түшөөрү менен аскерлер көзгө сайса көрүнгүс караңгылыкта калууга аргасыз. Тамак-аш өтө начар… алган учурларда. Аскерлер менен алардын үй-бүлөлөрү далай ирет ачка калышат».

Биз 70 аскер бөлүгүндө болуп кайттык, бирок бир дагы жерден жоокерлердин кичи лампалары жок отургандыктарын, үй-бүлөлүү аскерлерди көргөн жокпуз.

Журналист Кевин Кноделлдин фантазиясы ушунчалык өнүккөн экен ал биздин этникалык топтор менен маектешип, алардын арасында сурамжылоо жүргүзгөндүгүбүздү оюнан чыгарып жазыптыр.

Ал мына мындай деп жазган: «Сурамжыланган этникалык өзбектер (алар кыргыз армиясынын азчылыгын түзүшөт, анда кызмат өтөгөндөрдүн 95 пайызы кыргыз улутундагылар) изилдөөчүлөргө рейд маалында кармалгандан кийин аскер кызматкерлери аларды кызмат өтөөгө мажбурлашканын айтышкан. Алардин кээ бирлери өспүрүмдөр жана студенттер болушкан, алар кызматтан бошотулушу керек болчу».

Эч кандай сурамжылоо болгон эмес. Этникалык топторго бөлүштүрбөстөн эле анкета толтуртуп алганбыз. Журналистке мындай чагымчыл, жалган нерселерди жазуунун эмне кереги бар эле?

«Кылым шамынын» отчетунун толук версиясы эки айдан бери vof.kg жана fergananews.ru сайтында турганына карабастан белгисиз журналисттин жийиркеничтүү макаласын орус тилине которуп, Kloop.kg сайтына жайгаштыргандыктары мага оор тийди.

Эгер ал тема кызык болсо Клооптун кызматкерлери бизден интервью алышса болмок да. Мүмкүн бул укук коргоочулардын ишин каралоо үчүн атайын жасалгандыр?

Макаланы Kloop.kgден окуп алып байкоо жүргүзгөн топ үчүн (алар 50дөн ашык киши), кыргыз армиясынын командирлери менен офицерлери үчүн көңүлүм ооруду. Ал жийиркеничтүү макаланы которгон Kloop.kgнин журналисти Малика Баязова журналист Кевин Кноделлдин байланыш номурларын биле тургандыгын жана аны таба алаарын айтты.

Андай болсо жакшы болмок. Мен ал кишинин көзүнө карап, кыргыз армиясын мындай кемсинткендиги үчүн бетине түкүрмөкмүн.

Башкы сүрөттө: Абдирасулова кыргыз аскер кызматкерлери менен.