Парламент депутаттары алкоголдук ичимдиктерди кечки саат 10дон эртең мененки 8ге чейин сатууга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун демилгелешти. Бул «коомдун моралдык жактан оңолуусу жана калктын эмгекке жарамдуулугун жогорулатуу» менен түшүндүрүлүүдө.  

Мыйзам долбоору парламенттин кароосуна 10-апрелде киргизилди. Документтин автору катары парламент депутаттарынын дээрлик үчтөн бири көрсөтүлгөн.

Идеяга ылайык, түнкүсүн алкоголдук ичимдиктерди сатууга, пластикалык стакандардагы арактарды сатууга жана куюп сатууга тыюу салынат.

Тыюу салуулар «коомдун моралдык жактан оңолуусу жана калктын эмгекке жарамдуулугунун жогорулоосу» менен түшүндүрүлүүдө.

«Бул чара спирт ичимдиктерин ичүүнү азайтат жана өзгөчө кечки жана түнкө убактагы алкоголдук мас абалында жасалуучу зордук-зомбулуктарды кыскартат деген ойдобуз», — деп жазылган мыйзам долбооруна тиркелген негиздеме-маалымкатта.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери тыюу салуулар аялдарга карата жасалып жаткан зомбулуктардын жана пластик стакандарынан улам пайда болгон таштандылардын азайышына алып келет деп эсептешет.

«Гендердик оң таасирлердин арасынан алкоголдон көз карандылык менен ооруган эркек кишилер тарабынан жасалган үй-бүлөөлүк зордук-зомбулуктан жабыр тарткан аялдардын санынын азайышын белгилөөгө болот», — деп жазышкан депутаттар.

Мыйзам долбоорунун авторлору Алкоголдук продукцияларды өндүрүүчүлөр, экпорттоочулар жана импорттоочулар бирикмеси алардын идеясы менен макул эмес экенин жазышкан — депуттар жооп катары «калктын саламаттыгы менен генофонддун сакталуусу» «бизнестин кызыкчылыгынан» приоритеттүүрөөк экенин билдиришкен.

«Алкоголдук продукцияларды өндүрүүчүлөр, экпорттоочулар жана импорттоочулар бирикмеси тарабынан мыйзам долбооруна каршы пикирлер билдиринген. Бирок биримдик кызыкдар тарап болгондуктан, эч качан мындай демилегелерди колдобойт. Калктын саламаттыгы жана генофонддун сакталуусу эң башкы баалуулук экендигин унутпоо керек», — деп жазышкан депутаттар.

Марттын башында бирикменин өзүнөн алкоголдук ичимдиктерди сатууга чектөө киргизүү «алкоголду керектөө көйгөйүн чечпей тургандыгын» билдиришкен. Алардын айтымдарында, керектөөчүлөр спирт ичимдиктерин алдын ала сатып алып коюшат.

«Керектөөчүлөр тарабынан алдын ала алынып коюлган продукциялардын көбү аларга колдо бар продукцияны толугу менен ичип, эртеси кайра сатып алып коюу мүмкүнчүлүгүн берет. Ушундай эле абал Орусия менен Казакстанда байкалган. Андан сырткары бул сатуучуларда «текче астынан сатуу» азгырыгын жаратат. А бул болсо түздөн-түз укук коргоо органдары менен ыйгарым укуктагы фискалдык органдар тарабынан жасалган коррупциялык көрүнүштөргө алып барат», — деп жазган vb.kg жаңылыктар сайты бирикменин өкүлү Акылбек Кунакуновдун айткандарын.