Беш жыл мурун президент Курманбек Бакиевдин режими Бишкектин борборундагы кандуу кагылышуулардын жыйынтыгында кулаган. Kloop.kgнин редакциясы окуянын кандай болгондугун бир материалга топтоду.

2010-жылдын 7-апрелиндеги бийлик алмашуу маалындагы кагылышууларда 80ден ашык киши каза болгон, а жарадар болгондордун саны андан дээрлик 20 эсеге көп болгон.

Беш жылдан кийин дагы окуяга бирдиктүү бир баа бериле элек. Кээ бирлери ал окуяны — революция деп аташса, башкалары — мамлекеттик төңкөрүш деп атап келишет.

Ошондой болсо да Кыргызстандын учурдагы бийлигинин расмий позициясы мындай: 2010-жылдын 7-апрелинде элдик революция болуп, анын жүрүшүндө Бакиевдердин кандуу режими кулаган.

Kloop.kgнин редакциясы 2010-жылдын 7-апрелиндеги жана окуяга байланыштуу андан кийин жазылган бардык материалдарды чыгарат.

Урматтуу окурмандар! Көбүрөөк сүрөт көрүп, кеңири маалымат алуу үчүн тексттеги башкы сөздөргө коюлган шилтемелерди басууңар керек болот.

IMG_8805

Kloop.kgден видеолордун толук архиви

Төмөндө Kloop.kgнин 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар боюнча бардык видеоматериалдары (хронологиялык тартипте, комментарийсиз) жайгаштырылган. Бул материалдарды силер Creative Commons лицензиясы менен пайдалансаңар болот.

2010-жылдын 7-апрелинин тексттин хроникасы

IMG_8935

Kloop.kgнин кабарчылары Бишкектин борборундагы кагылышууларды тексттик хроника форматында чагылдырган жергиликтүү журналисттердин бири болушкан. Бул шилтеме боюнча окуяны кайрадан эстеп, авторлору менен тааныша аласыңар.

Бийлик алмашуу фотосүрөтчүнүн көзү менен

Фотосүрөтчү Нина Горшкова 2010-жылдагы революциянын үч жылдыгында Kloop.kgнин редакциясына ошол күнү тарткан сүрөттөрүн жарыялоого уруксат берген. Анын сүрөттөрүнүн кээ бири материалда иллюстрация катары пайдаланылды.

IMG_8984

2010-жылдагы революциянын катышуучулары

Апрель революциясы маалында демонстранттардын курман болушу боюнча соттук териштирүүлөр дээрлик үч жылга созулган. Ал процесс кагылышуулардын түрдүү катышуучулары 2010-жылдын 7-апрелин кандай көргөндүктөрүн билүүгө мүмкүндүк берди.

Төмөндө революциянын катышуучулары менен күбөлөрүнүн соттогу көрсөтмөлөрү жана Kloop.kgге берген маектери келтирилди.

7-april-sud

Оксана Малеванная — Бакиевдин катчылыгынын мурунку башчысы. Анын көрсөтмөсү 2010-жылдагы революция боюнча соттук процесстин жүрүшүндо окулган. Малеваннаянын айткандарына ылайык, ал корккон абалда болуп, Ак үйдүн имаратынан ИИМдин экс-башчысынын орун басары Расул Раимбердиевдин унаасы менен чыгып кеткен.

«Ким атты мен билбейм, көргөн эмесмин. Ошол маалда [ИИМдин экс-башчысынын орун басары Расул] Раимбердиев чыгып калды, анан мен андан имараттан чыгарып коюшун өтүндүм. Анда аябай коркуп аткам. Ал мени чыгарды, анан унаага отуруп үйгө кеткем», — деп жазылган анын көрсөтмөсүндө.

IMG_88701

Тимур Попов, Сергей Цигельников, Канат Кадыров, Олег Ребенок жана Байыш Эсенбай уулу — 2010-жылдын 7-апрелинде Ак үйдү коргогон атайын даярдыктагы аскер кызматкерлери. Атайын даярдыктагы аскер бөлүгүнүн кызматкерлери ал күн тууралуу соттук процесс маалындагы көрсөтмөлөрүндө айтып беришкен.

Абдраим Касымов — маршруттук таксинин айдоочусу, Ак үйдүн имаратын БТР менен аткан. Касымов Kloop.kgге берген маегинде БТРди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин короосунан алып, Ала-Тоо аянтына алып келгендигин айткан.

«Балдар милиция кызматкерлерин аткылары келишкен, бирок мен алар жаш балдар экен деп аттырган эмесмин. Анан мен: чатырга аткыла, дегем», — деп билдирген ал.

Митингчилер тартып алган БТР
Митингчилер тартып алган БТР

Данияр Дунганов — Мамлекеттик күзөт кызматынын экс-башчысынын орун басары. Ал соттук процесстин жүрүшүндө 2010-жылдын 7-апрелиндеги аракеттери тууралуу баарынан кеңири сүрөттөп айтып берген. Дунганов демонстранттарга карата ок чыгаруу буйругун начальниги Жаныш Бакиев бергендигин билдирди.

«Болжол менен күндүзгү саат үчтөрдө Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы, генерал Жаныш Бакиевден ок чыгаруу тууралуу буйрук келди. Мен мезгил-мезгили менен Бакиевге барып, кырдаал тууралуу билдирип тургам. Мен анда ага митингчилер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштагам», — деди ал.

Нурлан Бекишев — Аталаш бир тууганын издеп жүрүп, Ай үйдүн алдында жарадар болгон Бишкектин тургуну. Соттук процессте ал «Ала-Тоо» аянтына байкеси менен бирге анын уулун издеп табуу үчүн баргандыгын айткан.

«Кантип жарадар болгонум эсимде жок, бирок кантип жыгылганымды жана балдар ооруканага алып баргандыктарын билем. Кайсыл тараптан аткандарын билбейм. Кандай курал менен аткандыктарын да билбейм, менимче Калашников автоматынан болсо керек», — деген ал.

maslova_689px-Burning_truck_bishkek_protests-e1352734119595

Артур Медетбеков — УКМКнын экс-башчысынын орун басары, 7-апрелден кийинки күндөрү Бишкектин көчөлөрүндөгү тартипти калыбына келтирген. Ал Kloop.kgге берген маегинде күч органдарынын ардагерлерин чогултуп, алар менен бирге талоончулуктардын алдын алгандыгын айтып берген.

«Мегаком» менен «Билайнды» белгисиз адамдар басып алып, анда кожоюндук кылып жаткандыктарын белгилеп кетишим керек, мыйзамдуулук болушу үчүн алардын көпчүлүгүн ал жактардан кууп чыгарууга туура келген. Эртеси ардагерлер, УКМКнын кызматкерлеринин биргелешкен күчү менен калкка жардам берүү үчүн шаарды кыдырып жүрдүк», — деген ал.

Митингчилер Ак үйдүн аймагына кирип барууга аракет кылып жатышат
Митингчилер Ак үйдүн аймагына кирип барууга аракет кылып жатышат

Дина Маслова — Бакиевдин катчылыгынын мурунку кызматкери, учурда vb.kg сайтынын башкы редактору. Ал Kloop.kgге берген маегинде аянттагы кагылышуулар маалында Ак үйдөн кантип чыккандыгы тууралуу айтып берген.

«Аянт күңүрт тартып, адамдардын өтө көп экендиги көрүнүп турган. Качан терезелерге атып башташканда мен Ак үйдөн кетүү керек экендигин түшүндүм. Буюмдарымды чогултуп чыктым, коридорлордо дээрлик эч ким жок экен, бирин-серин гана кишилер калыптыр. Биз төмөн түшкөндө Ак үйдүн батыш тарабында аскер формачан адамдар тирүү тосмо болуп турушуптур», — деп билдирген ал.

Бийлик алмашуунун жыйынтыктары боюнча чыгарылган өкүмдөр

Мурунку бийлик адамдарына карата өкүм 2014-жылдын 25-июлунда чыгарылган.

Ousted Kyrgyz President Kurmanbek Bakiye
Президент Курманбек Бакиев менен бир тууганы Жаныш 2010-жылдын 7-апрелиндеги революциядан кийин Жалал-Абадда. Автор: Вячеслав Оселедко, AFP/Getty

Мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен катаал режимдеги абакка өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү төмөндөгүлөргө карата чыгарылган:

  • Кыргызстандын бийликтен куулган президенти Курманбек Бакиев;
  • Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку башчысы жана экс-президенттин бир тууганы Жаныш Бакиев;
  • мурунку премьер-министр Данияр Үсөнов.
УКМКнын экс-башчысы Мурат Суталинов
УКМКнын экс-башчысы Мурат Суталинов

Узак мөөнөткө эркинен ажыратуу өкүмү төмөндөгүлөргө чыгарылган:

  • Мамлекеттик күзөт кызматынын экс-башчысынын орун басары Данияр Дунганов — 25 жылга эркинен ажыратуу;
  • Экс-президенттин уулу жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурунку орун басары Марат Бакиев — 22  жылга эркинен ажыратуу;
  • Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын мурунку орун басары Нурлан Темирбаев — 22 жылга эркинен ажыратуу;
  • УКМКнын экс-башчысы Мурат Суталинов — 20 жыл эркинен ажыратуу.
malevanaya
Оксана Малеваная, Бакиевдин катчылыгынын экс-башчысы.

10 жылга эркинен ажыратуу өкүмү төмөндөгүлөргө карата чыгарылган:

  • президенттин катчылыгынын мурунку жетекчиси Оксана Малеванная;
  • президенттин администрациясынын экс-башчысы Каныбек Жороев;
  • мурунку башкы прокурор Нурлан Турсункулов;
  • коргонуу, коопсуздук жана укук тартиби боюнча мурунку мамлекеттик кеңешчи Элмурза Сатыбалдиев.

«Альфа» атайын даярдыктагы аскер бөлүгүнүн командири  Алмаз Жолдошалиевге карата 6 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган.

«Альфа» менен «Арстандын» бардык кызматкерлери күнөөлөрүнүн далилденбегендигинен улам акталышкан — бул чечим алардын жактоочуларынын талаптары менен мамлекеттик айыптоонун өтүнүчтөрүнө дал келет.

Эскирүү мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу мурунку коргоо министри Бакыт Калыевге козголгон кылмыш иши токтотулган.