Kloop.kgнин редакциясы окурмандарынан өлкөдө бийлик алмашкандан кийинки акыркы беш жылда эмне өзгөргөндүгү тууралуу айтып берүүгө чакырат. Өз пикирлериңиздерди макаланын төмөн жагына калтырыңыздар, аларды таблицага кошобуз.

7-апрелде митингчилерден турган топ Курманбек Бакиевдин режимин кулаткан соң мамлекетти башкарууну Роза Отунбаева башында турган убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өз колдоруна алган. Эгер деталдарга токтолбосок, анда убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн бир бөлүгү учурда бийликте отурушат.

2010-жылдын 7-апрелинде бийликке келген саясатчылар беш жыл бою бардык тармакта кыргызстандыктардын жашоолору жакшыргандыгын айтып келишкен. Экономикалык өнүгүү, саясий атаандаштык, сөз эркиндиги жана башка мамлекеттер менен болгон мамилелердин жакшыргандыгы — мунун бардыгын өлкөнүн биринчи адамдары айтып келишет.

Бирок эч ким беш жылдын ичинде Кыргызстанда эмненин жакшы, эмненин жаман болуп калгандыгы тууралуу маалыматтарды бир жерге топтоого эч ким аракет кылган эмес.

Биз бул ишти сүйүктүү окурмандарыбызга тапшырып, анын жыйынтыктарын таблица түрүндө жарыялоо чечимине келдик.

-------

Кыргызстанда беш жылда эмне өзгөрдү?

Эмне жакшырды?

Эмне начарлады?

Кыргызстан
    • Визасыз режим;
    • Курулуш бизнесинин өнүгүшү;
    • Бийлик «анча уятсыз» болбой калды (Атай, «Дизель» форуму);
    • Эркиндик көбөйдү (Атай, «Дизель» форуму);
    • Мезгил-мезгили менен өчүрүүлөр токтоду (cr[o.O]nY, «Дизель» форуму);
    • Коомдук ишмерлер, чиновниктер, оппозиционер, журналисттерди саясий өлтүрүүлөр кыскарды (Talgat Djumashev);
    • Журналисттерге карата басым азайды (Talgat Djumashev);
    • Кыргызстандын туристтик имиджи жакшырып жатат, биз саякатка барып келүү керек болгон өлкөлөрдүн рейтингдерине көп кире баштадык (Анна Лелик);
    • Жогорку кызматтагы чиновниктердин арасында «түндүк-түштүк» маселесин атайылап куручутуу кыскарды (Talgat Djumashev);
    • Улуттук инфраструктуралык долбоорлордун өнүгүшү, мисалы, Жогорку Нарын гидроэлектрстанцияларынын каскады, Түндүк-Туштүк альтернатива жолу, Бишкектеги Жылуулук электр борборун оңдоо жана реконструкциялоо (Miran-Shah, «Дизель» форуму);
    • кыргыз тилинин өнүгүшү (Лариса74, «Дизель» форуму);
    • Караколдо жол чырактардын саны көбөйдү (Wittenberg Rodion);
    • Караколдо «өтө талкаланган жолдор» оңдолду (Wittenberg Rodion);
    • Каржы полициясынын ыйгарым укуктары кыскарды (Talgat Djumashev);
    • (а калгандарын окурмандар кошушат);
    • 2014-15-жылдардагы энергетикалык каатчылык;
    • Жогорку Кеңештеги басмырлоочу майзам долбоорлору;
    • Мелис Мырзакматов, Нариман Түлеев сыяктуу натыйжалуу сити-менеджерлердин жоктугу (dAlmatinets, «Дизель» форуму);
    • Коом менен бийликтин «люмпенизациясы» (Атай, «Дизель» форуму);
    • Бишкектин бийлиги шаар көчөлөрүн начар тазалап жатышат (cr[o.O]nY, «Дизель» форуму);
    • Азык-түлүккө болгон баалар өсүп жатат, а айлыктар ошол эле деңгээлде калууда (Рокер Рокерович, «Дизель» форуму);
    • коомдо советтик мамлекеттин принциптеринен акырындык менен баш тартуу (toc2, «Дизель» форуму);
    • ухудшение работы коммунальных служб (toc2, форум “Дизель”);
    • республиканын жарандарынын арасында улутчулдуктун өсүшү (toc2, «Дизель» форуму);
    • Транспорт инфраструктурасынын өнүгүшү менен Бишкектин көчөлөрүндөгү автоунаалардын кыймылын оптималдаштыруунун жоктугу (Лариса74, «Дизель» форуму);
    • мамлекеттик органдарда люстрация кылынган жок (R.Mus, «Дизель» форуму);
    • Кыргызстандын сырткары карызы өстү (Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, сырткы насыя берүүчүлөрдүн алдындагы мамлекеттик карыз 3,15 миллиард АКШ долларын түзөт) (Azim Prosto);
    • (а калгандарын окурмандар кошушат);

---------

Бул таблицага дагы эмнелерди кошууга болот? Окурмандардын мыкты жоопторун кошуп чыгарабыз.

Материалдын алдындагы пикир калтыруу бөлүмүнө жазып өз варианттарыңарды сунуштагыла. Пикирдин алдында аны табблицанын кайсыл тарабына жайгаштыруу керектигин көрсөткүлө.