4-апрелде студенттер менен экологиялык уюмдардын кызматкерлери «ТазаБиш» («Таза Бишкек») аталышындагы акция өткөрүштү — анын алкагында Бишкектин четиндеги Жаштар сейил багында ишембилик өттү. Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, акцияга 350-400 киши катышты.

Ишембиликке Бишкектеги алты жогорку окуу жайдын студенттери катышышты — Бишкек гуманитардык университети, Кыргызстандын Эл аралык университети, Кыргыз техникалык университети, Кыргыз Улуттук агрардык университет жана И.Арабаев атындагы Мамлекеттик университет.

2015-09-1024x683

2015-08-1024x683

2015-14-1024x683

Тазалоо иштери Жаштар сейил багында — борбордун Жаш Гвардия гүлбагы менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишинде өттү.

2015-5-1024x683

2015-06-1024x683

2015-07-1024x683

Уюштуруучулардын каалоосу боюнча, ишембиликте чогултулган таштандылар өз-өзүнчө топтолгон:

  • органикалык жер семирткичтерди иштеп чыгаруу үчүн жалбырактар «Зеленстрой» муниципалдык ишканасына берилди;
  • полиэтилен жана пластик калдыктарды кайра иштетүү үчүн «Агропромхолдинг» компаниясы алып кетти;
  • калган калдыктарды «Тазалыктын» кызматкерлери чыгарып кетишти.

 

 

 

 

2015-12-1024x683

2015-10-1024x683

2015_2-1024x683

Уюштуруучулар акцияга 350-400 киши катышкандыгын билдиришти.

2015-3-1024x683

2015-15

2015_1-1024x683

Авторлор: Анастасия Стрельникова менен Элдор Далиев.