Марттын аягында жааган кар кыргызстандыктар үчүн күтүүсүз болду — жолдор менен жээктери музга айланып, ашууларда кардуу шамалдар болду. Kloop.kgнин кабарчысы Эльдор Далиев ал күндөрү гүлдөп баштаган өрүк бактарын сүрөткө тарткан.

Кыргызстандын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маалыматы боюнча, азырынча өрүктүн мөмөлөрүнүн үшүп кеткендиги тууралуу айтууга эрте.

IMG_0509_1-1024x683

IMG_0487_1-1024x683

IMG_0468_1-1024x683

Айыл чарба министрлигинен мекеменин эксперттери өрүктөрдү канчалык деңгээлде үшүк чалгандыгын кар ээригенден кийин текшере тургандыктарын билдиришти.

IMG_0464_1-1024x683

IMG_0456-_1-1024x683

IMG_0432_1-1024x683

2015-жылдын март айынын аягы 62 жылдан берки марттын эң суук күндөрү болду — ал күндөрү термометрдин көрсөткүчү -9 градуска чейин төмөн түштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен «Кыргызгидрометборбору» мындай аба ырайын «аномалдуу» деп аташты.

IMG_0422_1-1024x683

IMG_0413_1-1024x683

IMG_0407_1-1024x683

Орусиялык багбандардын «Сибирь бакчалары» сайтындагы маалыматка ылайык, Борбордук Азиядагы өрүктөрдүн мөмөлөрү суукка анча чыдамдуу эмес жана -10 градуста эле үшүп кетет.

IMG_0358_1-1024x683

IMG_0320_1-1024x683

IMG_0304_1-1024x683

«Брокгауз менен Ефрондун энциклопедиялык сөздүгү» боюнча, өрүктөр Борбор Азияга биздин заманга чейинки 5-кылымда алынып келинген.

IMG_0301_1-1024x683

IMG_0293_1-1024x683

IMG_0278_1-1024x683

IMG_0257_1-1024x683

IMG_0234_1-1024x683

IMG_0226_1-1024x683

Автор: Эльдор Далиев