«Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюмунун юристтери менен Жактоочулар кеңешинин мүчөлөрү «укук коргоо органдарынын басымына» каршы басма сөз жыйынын өткөрүштү. Алар Оштогу юристтердин үйлөрү тинтүүгө алынгандан кийин коомчулукка кайрылышты.

Маалымат жыйынынын толук видеосу:

Тексттик хроника:

11:45 Юрист Акин Токталиев «Фэйсбукка» төмөндөгүдөй деген пикирин жазды: «Кыргыз Республикасында соттук теологиялык жана диний экспертизаны эстеген киши жок, болгон да эмес. Бир дагы мамлекеттик орган теологиялык экспертиза жүргүзүүнүн ыкмасын же нускамасын иштеп чыккан эмес. Ошондуктан учурда биздин мусулмандарды мыйзамсыз камакка алып жаткан Кылмыш кодексинин 28-297 жана 299-2 беренелери боюнча Американын жаранын камакка ала алышмак эмес.

11:40 Жактоочулар кеңешинин мүчөсү Нурбек Токтакунов азыр бардык юристтердин бириге турган учуру келгендигин айтты. «Алар жөн гана өзүлөрүнүн жеке ич ара чатактары боюнча өч алууга келишти. Биригүүгө мезгил келди. Эгер бүгүн бизди тинтип башташса, анда эртең камап, кыйноого алып башташат, кеч боло электе бардык жактоочулар биригиши керек», – деди ал.

11:38 Вахитов азыр УКМКнын кызматкерлеринде юристтердин иштеп жүргөн ноутбуктары бар экенин кошумчалады. «Азыр аларга биздин жактоочулук сырлардан турган материладарыбыз жеткиликтүү», – деди ал.

11:33 «Тинтүү жүрүп жатканда биз: «Ал жакта соттук санкциялар бар. Силер тыюу салынган материалдарды алып кетип жатасыңар. Жолдоштор, эмнени алып жатканыңарды жакшылап карагыла», дегенбиз. Алар болсо эч нерсеге карабастан алып кетишти. Азыр алар ал жакка бир нерселерди кошуп салышабы деп ойлоп жатабыз», – деди ал.

11:31 Ал тинтүүнүн максаты жактоочулар иштеп жаткан кылмыш иштерине атайын кызматтагылардын жетиши болгон деп эсептейт. Салиев материалдарда УКМКнын кызматкерлерине каршы козголгон кылмыш иштери боюнча маалыматтар болгондугун айтууда.

11:30 Салиев жүргүзүлгөн тинтүү иштерин «юристтерге жасалган басым» катары баалап жатканын айтты.

11:28 Вахитов сөздү «Бир дүйнөнүн» Оштогу кеңсесинин башчысы Хусанбай Салиевге берди.

11:25 «Биз сактанып жүрчүбүз. Буга чейин бир жыл мурун абалды анализдөөгө аракет кылган Ирландиянын жараны, чет элдик аналитик Конор Прасадды коргогонбуз. Биз аны жактаганбыз, атайын кызматтагылардын ага каршы кылмыш ишин козгогулары келишкен. Жыйынтыгында, аны өлкөдөн чыгарып жиберишти», – деди юрист.

11:22 Вахитов журналист Фарук аларга келип, кыргызстандыктарды кантип Сирияга жөнөтүп жаткандыктары тууралуу маалымат топтоого жардам берүүлөрүн өтүнгөндүгүн билдирди. Айтымында ал Фарукка сак болуусун айтып, «бул тема боюнча иштегендер атайын кызматтагылардын назарында болорун» эскерткен.

11:20 Сөз үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлгөн юрист Валерьян Вахитовго берилди.

11:15 Исмаилова тинтүүнү «адилеттүү юристтерге кол салуу» катары баалоодо.

11:10 «Бир дүйнө — Кыргызстан» уюмунун башчысы Төлөйкан Исмаилова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан көрсөтүлүп жаткан басымга кабатырланып жатканын билдирди. Ал атайын кызматтагылардын дагы деле жабык бойдон калып жаткандыктарын айтты.

«Валерьян Вахитов менен Хусанбай Салиев биздин кесиптештер, юристтер менен көп иштешишкен. Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда тигил же бул материалдарды экстремисттик деп корутунду чыгара турган институт жок. Эмнегедир УКМК адамдардан кандайдыр бир китептерди, баракчаларды таап, аларды экстремисттик мүнөзгө ээ деп эсептешип, аны экстремизмге каршы күрөш деп келишет», – деди ал.

11:07 «Бир дүйнөнүн» юристтеринин саат 11:00гө белгиленген маалымат жыйыны азырынча баштала элек.

11:05 Өз кезегинде жактоочулар кеңеши тинтүү иштери «мыйзамсыз» болгонун жана «Жактоочулук жөнүндөгү» мыйзамдын бузулгандыгын билдирди. Мыйзамга ылайык, жактоочуларга карата тергөө иш-чаралары эгер аларга айып тагылган болсо гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

11:02 Улуттук коопсуздук кызматы тинтүү иштери «мыйзамдуу» болгондугун билдирип, аны Кыргызстандын түштүгүндө диний абал тууралуу макала үчүн маалымат топтоп жүргөн америкалык журналист Умар Фаруктун кармалышы менен байланыштырууда.

11:00 Азыр «Бир дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюмунун юристтери атайын кызматтагылар тарабынан алардын Оштогу үйлөрүнүн тинтүүгө алынышы тууралуу айтып беришет.

Контекст: Юристтердин үйлөрүн тинтүү

Салиев менен Вахитовдун үйлөрүндө, ошондой эле «Бир дүйнө» укук коргоо уюмунун Оштогу кеңсесинде тинтүү иштери 27-март күнү кечинде жүргүзүлгөн. Жактоочулардын айтымдарында, тинтүүнүн жүрүшүндө иштеп жаткан ноутбуктар жана алар иштеп жаткан кылмыш иштеринин материалдары алынган.

Салиев менен Вахитовдун өзүлөрүнүн айтымдарында, аларга карата эч кандай айыптоолор тагылган эмес, а тинтүү иштери «экстремизмге» айыпталып жаткан америкалык журналист Умар Фарукка каршы козголгон кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн.

УКМК Фарук «экстремизмге» шектелип жаткандыгын билдирди. Кармоо маалында анын жанынан «Хизб-ут-Тахрирдин» лидерлери менен «террористтик топтордун белгилүү бир мүчөлөрүнө» карата козголгон кылмыш иштеринин материалдары табылган.

«Ошондой эле [Фаруктун жанынан] диний-экстремисттик жана террористтик мүнөзгө ээ, «жихадка» жана диндер аралык кастыкка үгүттөгөн видеоматериалдарды камтыган DVD-дисктер алынды», ― деп жазылган УКМКнын пресс-релизинде.

Фарук Кыргызстандан депортацияланган.

Kloop.kgнин Оштогу кабарчысы Шохрух Саиповдун айтымында, Умар Фарук түштүк борборго 15-16-мартта келип, 2010-жылдын июнундагы улуттар аралык кагылыш жана Сирияга согушка кетип жаткан адамдар тууралуу макалалар үчүн маалымат топтоо менен алектенип жүргөн.

Фарук штаттан сырткаркы кабарчы болуп эсептелет жана «Уолл Стрит Джорнал», «Лос-Анджелес Таймс» жана «Аль-Джазира» сыяктуу америкалык жана эл аралык басылмалар үчүн макалаларды жазат.