Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Бир дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюмунун юристтеринин үйлөрүндөгү тинтүү иштери «мыйзамдуу» болгондугун билдирди. Жактоочулар кеңеши атайын кызматтагылардын аракеттерин «мыйзамсыз» деп эсептөөдө.

30-мартта атайын кызматтагылар укук коргоочулардын кеңсеси менен юристтердин үйлөрүндөгү тинтүү иштери «мыйзамдуу» болгондугун билдиришти. Бирок Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тинтүү иштерин «мыйзамдуу» деп эсептеп жатышкан юридикалык нормаларга конкреттүү шилтемелерди келтирген жок.

«[…] В.А.Вахитов менен Х.К.Салиевдин жашаган даректери боюнча тинтүү иштери мыйзамдуу жана Кылмыш-процессуалдык кодекстин алкагында жүргүзүлгөн. УКМКнын кызматкерлеринин бардык аракеттери Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык укук ченемдүү болгон», — деп билдирди басма сөз кызматы.

УКМК юристтер Валерьян Вахитов менен Хусанбай Салиевдин үйлөрүн тинтүүгө Ош шаардык сотунун чечими боюнча уруксат берилгендигин дагы бир жолу билдирди. Атайын кызматтагылар жактоочулардын үйлөрүнөн «диний мазмундагы материалдар» табылгандыгын айтышты.

Кыргызстандын Жактоочулар кеңеши тинтүү «Жактоочулук жөнүндөгү» мыйзамга каршы келе тургандыгын билдирди. Айтымдарында, ал мыйзамга ылайык, юристтерге карата тергөө иш-чаралары эгер алар кылмыш иши боюнча айыпталуучу катары өтүп жаткан болсо гана жүргүзүлөт.

«Жактоочулар В.Вахитов менен Х.Салиевге эч кандай күнөө тагылган эмес, көрсөтүлгөн жактоочуларга карата кылмыш иштери да козголгон эмес», — деп билдирди Жактоочулар кеңеши.

Кеңеш тинтүү иштерин көз карандысыз жактоочулук ишмердүүлүк принцибдери менен жактоочулардын кол тийбестигин бузуу катары эсептөөдө. Кеңештин маалыматы боюнча, атайын кызматтагылар УКМКнын кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иштери боюнча материалдарды да алып кетишкен.

Орган башкы прокурор Индира Жолдубаеваны УКМКнын кызматкерлерине карата мыйзамда каралган «эң катаал чараларды көрүүгө» чакырган.

Жактоочулардын үйлөрүн тинтүү

Салиев менен Вахитовдун үйлөрүндө, ошондой эле «Бир дүйнө» укук коргоо уюмунун Оштогу кеңсесинде тинтүү иштери 27-март күнү кечинде жүргүзүлгөн. Жактоочулардын айтымдарында, тинтүүнүн жүрүшүндө иштеп жаткан ноутбуктар жана алар иштеп жаткан кылмыш иштеринин материалдары алынган.

Салиев менен Вахитовдун өзүлөрүнүн айтымдарында, аларга карата эч кандай айыптоолор тагылган эмес, а тинтүү иштери «экстремизмге» айыпталып жаткан америкалык журналист Умар Фарукка каршы козголгон кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн.

УКМК Фарук «экстремизмге» шектелип жаткандыгын билдирди. Кармоо маалында анын жанынан «Хизб-ут-Тахрирдин» лидерлери менен «террористтик топтордун белгилүү бир мүчөлөрүнө» карата козголгон кылмыш иштеринин материалдары табылган.

«Ошондой эле [Фаруктун жанынан] диний-экстремисттик жана террористтик мүнөзгө ээ, «жихадка» жана диндер аралык кастыкка үгүттөгөн видеоматериалдарды камтыган DVD-дисктер алынды», ― деп жазылган УКМКнын пресс-релизинде.

Фарук Кыргызстандан депортацияланган.

Шохрух Саиповдун айтымында, Умар Фарук түштүк борборго 15-16-мартта келип, 2010-жылдын июнундагы улуттар аралык кагылыш жана Сирияга согушка кетип жаткан адамдар тууралуу макалалар үчүн маалымат топтоо менен алектенип жүргөн.

Фарук штаттан сырткаркы кабарчы болуп эсептелет жана «Уолл Стрит Джорнал», «Лос-Анджелес Таймс» жана «Аль-Джазира» сыяктуу америкалык жана эл аралык басылмалар үчүн макалаларды жазат.