2015-жылдын март айынын аягы Бишкек үчүн акыркы 60 жылдан берки эң суук күндөрдүн бири болуп калды. Абанын температурасынын кескин түрдө төмөндөшү айдоочулар үчүн күтүүсүз болуп, жолдордун тайгактыгынан улам кыйынчылыктарга туш болушту.

2015-жылдын 29-30-март күндөрү акыркы 62 жылдан берки март айынын эң суук күндөрү болду — мындай маалыматтарды «Погода и климат» сайты келтирүүдө.

Анын маалыматына ылайык, бул күндөрү Бишкекте эң төмөнкү температура 1953чү жана 1949-жылы катталган. Анда термометрдин көрсөткүчү -4,1 жана -4,4 градус Цельсияга чейин төмөндөгөн.

29-мартта Бишкекте абанын температурасы -7,6 градуска чейин төмөндөдү. «Кыргызгидрометборбордун» маалыматы боюнча, 30-мартта -6 градустан -9 градуска чейинки аба ырайы сакталып турат.

27-мартта «Кыргызгидрометборбору» менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) аба ырайынын кескин өзгөрө тургандыгы жөнүндө шашылыш билдирүү тараткан.

Мекемелер абанын температурасынын мындай төмөндөшүн марттын аягы үчүн «аномалдуу» деп аташкан.

«Мындай жаан-чачындуу, суук аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын иштерин жана кыштоо жайыттарда малды кармоону кыйындатат», — деп билдирген ӨКМ.

«Кыргызгидрометборбордун» маалыматы боюнча, мындай суук аба ырайы бүчүр байлаган жана гүл ачкан өрүктөргө коркунуч алып келет.

ӨКМ жааган кардан улам унаа жолдорунун тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталып, жолдор тайгалак болорун эскертет.

«Унаалардын ортосундагы кыймыл 500 метр аралык сөзсүз чектелиши зарыл», — деп жазылган мекеменин сайтында.

Төө-Ашуудагы 500 унаадан турган тыгын

Кыргызстанда абанын температурасынын чукул төмөндөшү айдоочулар үчүн күтүүсүз болду — 29-мартта 500гө жакын унаа Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда тыгында калышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочулардын жылынуусу үчүн «Сосновка» өтмөгүнө эки чатыр тигип, аларга ысык тамак уюштурду.

«Автоунаалар жайкы дөнгөлөктөрү менен жолго чыгып алгандыктан, кээ бир унаалардын дөнгөлөккө тагылуучу чынжырлары жок болгондуктан тайгаланып жана унаанын айдоочулары жол эрежесин сактабагандыктан карама-каршы жолго чыгып кетип, бири-бирин тосуп жол тыгындары пайда болгон», — деп жазды ӨКМ.

Мекеме жолду тазалоо үчүн төрт даана техника жиберип, кыймылды көзөмөлдөө үчүн Жол кайгуул кызматынан сегиз кызматкер тартылган.

«Өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, 30-марттын саат 04:00үнө карата тыгын толугу менен жоюлду. 30-март күнү эртең менентен тарта жеңил унаалар үчүн киргизилген чектөө алынды», — деп билдирди ӨКМ.

Министрликтин маалыматы боюнча, азыр Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуу унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилген. ӨКМ кар көчкү түшүү коркунучунан улам айдоочулардын аталган унаа жолу аркылуу жүрбөй турууларын өтүнүүдө.

Сүрөт: Роза Ланахунова