Украина армиясынын брондолгон аскер унаасы тепселеп кеткен 8 жаштагы кыздын өлүмү Донецк облусунун Константиновка шаарында башаламандыктардын башталышына себеп болду. Абалды ансыз деле жергиликтүү жашоочулар менен аскерлердин ортосундагы татаал мамилелер курчутту.

Баяндоо Бектур Искендердин атынан жүрөт

Биз Константиновкага 16-мартта болгон башаламандыктардын эртеси эртең менен келдик.

Украин армиясынын брондолгон аскер унаасы шаардын көчөлөрүнүн кесилиштеринин биринде эки баласы менен бара жаткан аялды сүзүп кеткен. Балдардын кичүүсү аман калган, бирок улуусу — 8 жаштагы Полина — ошол жерден эле көз жумган. Алардын тай эжеси болгон берки аял ооруканага жаткырылган.

Бул окуя жергиликтүү тургундардын нааразычылыктарын жаратып, алар Украин аскердик объектилерине кол салышты.

Башаламандыктар 16-март күнү кечке чейин уланып, түнгө жакын гана токтоду.

Биз эртеси эртең менен Константиновкага барганыбызда жумушчулар кырсык болгон көчөлөрдүн кесилишиндеги түзүлүштүн сыныктарын чогултууларын улантып жатышкан:

kostyantynivka_12771

Кыз каза болгон жерге кечээтен бери украиналык аскерлердин жүрүш-турушуна нааразы болгон Константиновканын жашоочулары чогулушууда:

kostyantynivka_12781

Алар окуядан кийин дароо эле жолдо өтүп бара жаткан аскердик унааларга чабуул жасап башташкан. Андан соң толкундоолор аскер кызматкерлери жашап жаткан жакын жайгашкан жатаканага өткөн.

Кеминде эки жатаканага чабуул жасашкан. Биз алардын биринин айланасын тазалап жаткан адамдарды көрдүк:

kostyantynivka_12721

kostyantynivka_12711

Бул имараттын бир топ терезелери талкаланган, жогорку кабаттагылары дагы:

kostyantynivka_12731

kostyantynivka_12741

Константиновка Донецктен 90 чакырым алыстыкта жайгашкан жана украин кагылышууларынын жүрүшүндө бир канча убакыт Донецк элдик республикасынын жикчилдеринин көзөмөлүндө болгон.

Кыздын каза болушу украин армиясынын шаардагы кадыр-баркы үчүн чоң сокку болду, бир катар тургундар украин аскерлеринин жүрүш-турушун Донецк элдик республикасынын согушкерлери менен салыштырып башташты — эреже катары биринчилердин пайдасына эмес:

kostyantynivka_12761

Дагы бир жатакананын алдында нааразы болгондор автобусту өрттөшкөн:

kostyantynivka_12791

Армиянын унаасын дагы:

kostyantynivka_12801

Мындан башка да өрттөлгөн автоунаалар болгон, бирок биз келгенче аларды алып салышкан.

Константиновканын жашоочуларын кызды тепселеп кеткен аскер техникасын башкарып бара жаткан аскерлер камакка алынгандыгы жана Украин армиясынын Константиновкадагы аскер бөлүгүнүн командиринин өз милдеттерин аткаруудан убактылуу четтетилгендиги тууралуу маалыматтар да тынчыткан эмес:

kostyantynivka_12821

Украин журналисттерине окуя болгон жерде иштөө кыйла эле оор болууда. Биздин көзүбүзчө «5-каналдын» журналисти стэнд-ап жасап жатып, аскер техникасынын айдоочуларына карата «рулду башкара албай калган» деген түшүндүрмөнү колдонду.

Ага дароо эле четте турган жергиликтүү жашоочулардын тобу асылып башташты, алардын бири стэнд-апты аягына чейин жасоого мүмкүндүк бербей журналистти түртүп жиберди.

Жергиликтүүлөрдөн интервью алуу үчүн «Интер» телеканалынын журналистине (сүрөттө ал оң жакта) ал иштеп жаткан ЖМК окуяга карата кандай түшүндүрмөнү пайдалангандыгын айтып берүүгө туура келди:

kostyantynivka_12841

Жашоочулар аскердик унааны башкарып бара жаткан аскерлердин мас абалында болгондуктарын айтып жатышат, бирок азырынча ал маалыматты расмий түрдө эч ким ырастай элек.

Константиновкага келген ИИМдин Донецк облусу боюнча башчысы Вячеслав Аброськин аскерлердин спирт ичимдиктерин ичкендиги фактысын ырастаган да, четке каккан да жок, болгону учурда териштирүү иштери болуп жаткандыгын айтты.

Ал журналисттер менен сүйлөшүп жатып аскер техникасын башкарып бара жаткан аскерлер камакка алынгандыгын жана алардын ишин аскер прокуратурасы карап жаткандыгын дагы бир жолу ырастады:

kostyantynivka_12851

Сериянын уландысы бар...

Сүрөт менен текст: Бектур Искендер

Видео: Хлоя Гейне

Kloop.kgнин Украина тууралуу атайын репортаждары:

Март, 2015-жыл:

I бөлүк: Киев менен Донецк кантип «Шахтёр» клубуна жан тартышты?

Ноябрь 2014-жыл:

I бөлүк: Азыркы Украинанын уламыштары менен мифтери

II бөлүк: Донецк элдик республикасынын лидерлеринин биринин кыргыз журналисттерине берген мега-интервьюсу

III бөлүк: Донецк элдик республикасынын имаратындагы гомофобдук жазуунун тарыхы

Май 2014-жыл:

I бөлүк: Киев

II бөлүк: Донецк

III бөлүк: Днепропетровск

IV бөлүк: Одесса

V бөлүк: Одессадагы шайлоолордон кийинки митингдер

VI бөлүк: Львов

Февраль 2014-жыл:

I бөлүк

II бөлүк

III бөлүк

Бонустук бөлүк