Молдовалык жаңылыктар басылмалары президент Алмазбек Атамбаев Петербургга болгон сапарынын мурунку күнү эмнеге Кишинёвдо жергиликтүү олигарх менен жашыруун жолуккандыгы боюнча суроо салып жатышат. Азырынча ал суроого так жооп жок.

Атамбаевдин Молдовага болгон жашыруун сапары молдова маалымат каражаттарында көптөгөн түшүндүрмөлөр менен божомолдоолорду жаратты. Кыргыз лидери ал өлкөгө Петербургдагы Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон 16-марттагы жолугушуусунун мурунку күнү барган.

«Райз» басылмасы Атамбаев Кишинёвдо Молдованын Демократиялык партиясынын төрагасынын орун басары, депутат жана олигарх Владимир Плахотнюк менен жолуккандыгын жазды.

«Ал Бишкек-Кишинёв чартердик каттамы болгон. […] Атамбаев Кишинёвдо төрт сааттай болгонуна карабастан кыргыз лидери президент менен «пландалбаган» жолугушуудан баш тарткан», — деп жазды басылма.

«Райздын» маалыматы боюнча, Атамбаев олигархка таандык болгон «Нобиль Эйр» компаниясынын «Эмбрэйер Легаси 650» жеке учагы менен учуп барган.

«Кишиневго болгон ал жашыруун сапар тууралуу бийлик расмий билдирген жок. «Нобиль» мейманканасында чоң тынчсыздануулар болду — «Бомбтэхтин» сапёрлору имараттын сыртын да, ичин да текшерип, жардыруучу заттарды издешти», — деп жазды басылма.

Молдова президентинин басма сөз катчысы Влад Цуркану «Райзга» берген маегинде Атамбаев Кишиневго өтө эле кыска убакытка келгендигин жана жолугушуу уюштуруу мүмкүн болбогондугун билдирген.

«Биз жолугушуу боюнча сүйлөшө алган жокпуз. Президент Атамбаев Молдовада болгону эки саатка жетпеген убакыт гана болду», — деп билдирген Цуркану.

Кыргыз президентинин аппарат башчысынын орун басары Сапар Исаков басма сөз кызматы аркылуу «азырынча Атамбаевдин Кишиневго болгон бейрасмий сапары тууралуу түшүндүрмө берүүгө мезгил келе электигин» билдирип, бирок ал сапары «улуттук кызыкчылыктарды гана көздөгөндүгүн» кошумчалады.

«Мунун баары жыйынтыгында кыргыз мамлекетинин эл аралык аренадагы кадыр-баркын көтөрүүгө  өбөлгө болооруна ишенем», — деди Исаков.

Себептери?

Плахотнюк Молдовадагы эң таасирдүү адам деп айтылып келет. Саясат таануучу Игорь Боцан «Свобода» радиосуна берген маегинде молдовалык жаңылыктар басылмаларында олигархтын «бардыгын бөтөнчө бир жолдор менен, анын ичинде коррупция аркылуу көзөмөлдөй тургандыгы» жөнүндө маалыматтар көп экендигин айткан.

«Молдовада ал жашыруун түрдө сот, банк системаларын, бийлик түзүмдөрүндөгү адамдарды да көзөмөлдөйт деген ушактар толтура», — деген эксперт.

Владимир Плахотнюк, Молдованын Демократиялык партиясынын төрагасынын орун басары.
Владимир Плахотнюк, Молдованын Демократиялык партиясынын төрагасынын орун басары.

Боцан жолугушуунун эки мүмкүн болгон себебин айткан. Биринчиси — Плахотнюк Атамбаев аркылуу Путинге кандайдыр бир билдирүү айттырып жиберүүнү каалаган. Экинчиси — кыргыз лидери олигарх менен банк тармагында кызматташуу тууралуу сүйлөшкөн.

«Антимафия» партиясынын башчысы Сержиу Мокану «Молдавские ведомости» гезитине берген маегинде Плахотнюк Атамбаев менен «партиянын лидери катары өзүнүн кадыр-баркын жогорулатуу жана имиджин көтөрүү» үчүн жолуккан болушу мүмкүн деп божомолдогон.

«Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти менен болгон жолугушуусунда молдовалык олигарх жөнүндө кеп козгойт деген ушактар апыртылган. Орус президентине Плахотнюктун ким экендигин түшүндүрүү үчүн Кыргызстандын президентине кеминде жарым саат убакыт талап кылынмак», — деген ал.

Оппозициянын суроолору

Атамбаевдин молдовалык олигарх менен болгон бейрасмий жолугушуусу боюнча оппозициялык саясатчыларда бир канча суроо пайда болду. Саясатчы, мурунку социалдык өнүктүрүү министри Эдил Байсалов Кыргызстандын башчысы Молдовага барып, бирок ал өлкөнүн президенти Николай Тимофти менен жолукпагандыгы боюнча нааразычылыгын билдирди.

«Атамбаевди ал Плахотнюк менен эмне байланыштыраарын жана биз, кыргызстандыктардын бардыгы, эми ал молдованга эмне кылып берүүгө милдеттүү экендигибизди аныктап чыгуу керек. Дипломатиялык чыр менен мамлекеттин шерменделигин айтпай эле коелу, Бишкекке Армениянын башчысы келип Коля-кыргыз менен жолугуп, а Атамбаев менен учурашып да койбостон кетип калгандыгын элестетсеңер», — деп жазган саясатчы «Фэйсбуктагы» жеке баракчасына.

Петербургдун губернатору Георгий Полтавченко «Эмбрэйер Легасинин» фонунда Атамбаев менен учурашууда.
Петербургдун губернатору Георгий Полтавченко «Эмбрэйер Легасинин» фонунда Атамбаев менен учурашууда.

Парламенттеги оппозициялык депутат Равшан Жээнбеков президенттен молдовалык олигарх менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн маңызын түшүндүрүп берүүсүн талап кылды.

«Президент Атамбаев кайсыл бир авиакомпаниянын жеке учагы менен учту. Экинчиден, ал жеке учак менен учуп барып чет элдик олигарх менен жашыруун сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул эгемендүү мамлекеттин башчысына абийир алып келбейт», — деп билдирген депутат «Азаттык» радиосуна берген маегинде.

«Немис толкуну» басылмасы 2013-жылдын февралында Плахотнюк парламенттин вице-спикери болуп турган кезде коммерциялык банктарды рейдерлик жол менен басып алуу аракетине жана ЖМКлар менен прокуратураны мыйзамсыз көзөмөлдөөгө айыпталгандыгын жазган.

Саясатчынын дарегине карата айтылган айыптоолордон кийин парламенттик оппозиция вице-спикерлик кызматты жоюуга жетишкен — ошентип, Плахотнюк кызматынан алынган.