Украинада футбол менен саясат катуу чиеленишкен. Жергиликтүү клубдардын көбү түрдүү кландардагы таасирдүү олигархтарга таандык, а алардын эң күчтүү экөөсү украин кагылышуусунда бири-бирине каршы турган Киев жана Донецк шаарларынын клубдары.

Куралдуу кагылыштардан улам  өз шаарындагы стадиондо ойноо мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган донецктик «Шахтёр» Украинанын батышындагы ири шаарлардын бири болгон Львовго көчүшкөн.

Клубдун өз шаары өз алдынча жарыяланган Донецк элдик республикасындагы жикчилдердин көзөмөлүндө болгону менен ал европалык мелдештерде Украинанын атынан чыгуусун улантууда.

Донецктеги абалга карабастан 2014-жылы «Шахтёр» кезектеги жолу Украинанын чемпиону титулун утуп алып, кийинчерээк Европанын Чемпиондор лигасынын плэй-офф баскычына өтүүгө жетишти.

«Шахтёрдун» мюнхендик «Бавария» менен жооптуу беттеши өтө турган күнү Kloop.kgнин кабарчылары Донецк жана Киев шаарларынын жашоочулары менен аталган команданы кантип колдоп, кандай жан тартып жаткандыктары жана анын учурдагы статусу боюнча кандай пикирде экендиктери тууралуу маектешишти.

Сериянын уландысы болот...

Авторлор: Хлоя Гейне, Бектур Искендер, Лев Дятленко

Kloop.kgнин Украина тууралуу атайын репортаждары:

Ноябрь 2014-жыл:

I бөлүк: Азыркы Украинанын уламыштары менен мифтери

II бөлүк: Донецк элдик республикасынын лидерлеринин биринин кыргыз журналисттерине берген мега-интервьюсу

III бөлүк: Донецк элдик республикасынын имаратындагы гомофобдук жазуунун тарыхы

Май 2014-жыл:

I бөлүк: Киев

II бөлүк: Донецк

III бөлүк: Днепропетровск

IV бөлүк: Одесса

V бөлүк: Одессадагы шайлоолордон кийинки митингдер

VI бөлүк: Львов

Февраль 2014-жыл:

I бөлүк

II бөлүк

III бөлүк

Бонустук бөлүк