Бакай-Ата айылында карылар жана майыптар үчүн атайын баш калка жайы иштеп келет. Бул социалдык стационардык мекеме 80 кишиге ылайыкташкан. Учурда анда ондон ашуун карыя күн өткөрүүдө.

Дөндөк Балтабаев 86 жашта. Балдары жана неберелери бар экендигин айтат. Карылар үйүнө келип калган себебин мындайча баяндайт.

Бакайата_Карыларүйү (4)

“Менин балдарым, кыздарым деле бар. Он беш-жыйырмадай неберелерим бар. Бул жерге келип калганымдын себеби, кемпирим кайтыш болуп калды. Келиндердин, балдардын колунда тура албадым. Бул жерге келе бердим. [...] Башка эмне кылмакпыз анан?”, - дейт Дөндөк ата.

Бакайата_Карыларүйү (5)

Дөндөк ата сыяктуу дагы 15 улгайган киши бул жерде жашайт. Ар ким ар кандай тагдырлар менен келип түшкөн.

Бакайата_Карыларүйү (1)

Таалайбек Базарбаев карылар үйүнө 10 ай мурун келген. Анын өнөрүн баалап мекемеде атайын бөлмө бөлүп беришкен. Ал бычактарды куурчутуп жана башка ашкана буюмдарын оңдоп берет.

Бакай-Ата_карыларүйү

Талас облусунун Бакай-Ата айылындагы бул мекеме 1971-жылдан бери иштеп келүүдө. Башында балдардын психоневрологиялык интернат үйү болуп ачылган.

Бакайата_Карыларүйү (6)

2003-жылы бул жердин профили өзгөрүп карылар жана майыптар үчүн социалдык стационардык мекемеге айланган. Ошондон тарта анда бир гана карылар эмес, биринчи жана экинчи категориядагы майыптар дагы баш калкалайт.

Бакайата_Карыларүйү (10)

Бул карылар үйү 80 орунга ылайыкташкан. Бүгүнкү күндө 76 карыя жана майып кишилер жашап келүүдө.

Бакайата_Карыларүйү (8)

“[...] Алардын ичинен 16сы карылар, 60ы биринчи жана экинчи категориядагы майыптар. Бул карылар үйү мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат”, - деп билдирди мекеменин директору Бурул Туманова.

Бакайата_Карыларүйү (12)

Карылар үйүндө жашоочулар спорт менен алектенип, ден-соолуктарын чыңдоого мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Бакайата_Карыларүйү (11)

Учурда карылардын эң улгайганы 80 жашта. Ал эми майыптардын жаш өзгөчөлүгү 17ден 55 жашка чейинкилерди түзөт.

Бакайата_Карыларүйү (2)

Карылар үйүндө күнүнө үч жолу тамак берилет жана ар бир карыяга тамактануу үчүн 100 сом бөлүнөт.

Бакайата_Карыларүйү (3)

Карылар үйүндө эмгектенгендердин саны 54.

Бакайата_Карыларүйү (13)

Сүрөттөрдүн автору: Бакай Сапаралиев, “Бакай-Ата” жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысы.