Президент Алмазбек Атамбаев менен анын орусиялык кесиптеши Владимир Путин Петербургда Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) киришин талкуулашат. Жолугушуу 16-мартта болот.

13-мартта Кремль Атамбаев менен Путин Санкт-Петербургда «орус-кыргыз кызматташуусун бекемдөөнүн башкы маселелерин» талкуулай тургандыктарын билдирди.

«Биринчи кезекте соода-инвестициялык жана маданий-гуманитардык, ошондой эле энергетика тармагы боюнча маселелерди. Кыргызстандын ЕАЭБке кирүү контекстинде өз ара кызматташуу боюнча толук пикир алмашуу пландалууда», — деп билдирди Орусиянын президентинин басма сөз кызматы.

Президент Атамбаевдин басма сөз кызматынан Kloop.kgге эки өлкөнүн лидерлери энергетика тармагында, анын ичинде Нарын дарыясына гидроэлектр станцияларын куруу жана соода-инвестициялык мамилелер тармагында кызматташуу маселелерин талкуулай тургандыктарын билдиришти.

Жолугушуу Путиндин көптөн бери элдин алдына чыкпай калгандыгы жана анын ооруп жаткандыгы ыктымалдыгы тууралуу ушактардын фонунда болот. Орусиянын президенти маалымат каражаттарынын алдына 6-марттан бери чыга элек.

Акыркы жолу Кыргызстан менен Орусиянын президенттери 2014-жылдын декабрынын аягында, Алмазбек Атамбаев ЕАЭБге кирүү тууралуу макулдашууга кол койгондо жолугушкан. Анда Атамбаев Кыргызстан 2015-жылдын майына чейин биримдиктин толук кандуу мүчөсү боло тургандыгын билдирген.

Май айына чейин Кыргызстандын бийлиги ЕАЭБке кирүү боюнча Жол картасына кирген бардык нормативдик-укуктук актыларды кабыл алуусу керек.

Марттын башында Владимир Путин Орусиянын министрликтери менен мамлекеттик кызматтарына Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү тууралуу протоколдорго кол коюуну тапшырган.

ЕАЭБке кирүү

Евразиялык экономикалык биримдик — курамына Орусия, Казакстан, Белоруссия жана Армения кирген интеграциялык биримдик.

Кыргызстан ЕАЭБке 2013-жылдан бери уланып келе жаткан Орусиядагы экономикалык каатчылыктын фонунда киргени жатат — анда орусиялык чиновниктер менен эксперттер өлкө рецессияга (экономикалык өнүгүү темпинин жайлашына) туш болгондугун мойундарына алышкан.

Кыргызстандын ЕАЭБке кириши боюнча сүйлөшүүлөр 2011-жылда эле башталып, өлкөдө кызуу талаш-тартыштарды жараткан.

Интеграциянын тарапташтары Кыргызстандын ишкерлерине Казакстан, Орусия сыяктуу чоң сатып өткөрүү рыногу ачылат деп эсептешет. Өз кезегинде бийлик айыл чарба жана текстиль тармактарын өнүктүрүүнү убадалап жатат.

Кыргызстандын ЕАЭБке киришине каршы болгондор Кытайдан келген товарларды КМШ өлкөлөрүнө кайрадан экспорттоо менен алектенген ишкерлердин банкрот болуу, ошондой эле Орусиянын Кыргызстанга болгон саясий таасиринин күчөшү ыктымалдыктарынан кооптонуп жатышат.

Кыргызстандын экономика министри Темир Сариев 2014-жылдын июлунда өлкөнүн ЕАЭБке кириши үчүн 377 млн. АКШ доллары керек экенин билдирген — ал үчүн жардам катары Орусия 200 млн. доллар бөлгөн, дагы 100 млн. долларды Казакстан бөлөт.

2015-жылдын мартынын башында орусиялык «Крокус Групп» компаниясы Кыргызстандын чек араларындагы бажы көзөмөл өтмөктөрүн жабдуу үчүн 129 млн. АКШ долларын алгандыгы белгилүү болгон.