Барселонадагы көргөзмөдө HTC алгачкы жаңыланган камералуу HTC One M9 смартфонун көрсөттү. Ошондой эле компания коомчулукка Valve оюн корпорациясы үчүн иштелип чыккан Vive виртуалдуу реалдуулук көз айнектерин тааныштырды.

HTC One M9 смартфону

MWC 2015 көргөзмөсүндө көрсөтүлгөн HTC One M9 смартфону мурунку муундагы One M8ге салыштырмалуу бир аз гана өзгөртүүлөргө дуушар болгон.

Алсак, HTC One M9дун дисплейи өзгөргөн эмес: ал ошол эле 5-дюймдагы 1080р экран менен жабдылган. Бирок былтыркы смарфонуна салыштырмалуу HTC компаниясы One M9дун кубаттуулугун кыйла арттырган. Ал 64-биттүү сегиз ядролук Snapdragon 810 процессорунун башкаруусунда 2.0 ГГц жыштыкта жана Adreno 430 графикалык адаптеринде иштейт. Смартфондун ыкчам эс тутумунун көлөмү — 3 гигабайт.

417420

One M9 дизайн жагынан да анчалык өзгөрүүгө дуушар болгон эмес. Смартфондун сырткы көрүнүшүндөгү байкалган жалгыз өзгөрүү — каптал алкагындагы бөгөттөө баскычы. HTCнин өкүлдөрүнүн айтымдарында, алар смарфонун Porsche жана Volkswagen автоунааларыныкы сыяктуу дизайны легендарлуу болгон «люкстук» өндүрүм кылууну көздөшөт.

HTC тарабынан өзгөчө басым жасалган башкы өзгөртүү — бул жаңы камерасы. Компания бул жолкусунда начар жарыктандырылган жерде укмуштуудай, бирок кадимки күндүзгү жарыкта канааттандыраарлык гана жыйынтык берген Ultrapixel технологиясынан баш тарткан.

417418

HTC One M9да эми 4К сапатта видео тартууга мүмкүндүк берген 20-мегапикселдик камера орнотулган. Бирок The Verge технологиялык порталынын редакторлору бул камеранын да сүрөт тартуудагы алсыздыктарын көрсөтүшкөн.

Смартфондун баасы азырынча жарыялана элек, бирок 32 гигабайт эс тутумдагы HTC One M9 сатыкка марттын ортосунда чыга тургандыгы белгилүү. Компаниянын смартфону HTC Sense фирмалык кыртышы менен Android Lollipop башкаруусунда иштейт.

Vive виртуалдуу реалдуулук көз айнектери

Valve оюн корпорациясы бир нече убакыттан бери виртуалдуу реалдуулук көз айнектерин көрсөтө тургандыгы жөнүндө кабарлап келген. Белгилүү болгондой, Half-Life сериалы менен Team Fortress 2 мультиплеер шутерин жараткан компания үчүн аларды HTC иштеп чыккан.

Иштеп чыгуучулардын айтымдарында, Vive учурда даяр жана иштеп чыгуучулар үчүн версиясы ушул жазында жеткиликтүү болот.

Vive виртуалдуу реалдуулук көз айнектери 1200х1080 чекит уруксаттагы жана секундасына 90 кадр жыштыктагы эки дисплей менен жабдылган — салыштыруу үчүн алсак, Oculus Riftтын акыркы версиясында бул көрсөткүчтөр 960х1080 чекит менен 75 Гц,  Sony компаниясынын Project Morpheus смартфонунда — 960х1080 чекит болгон.

Бирок Vive оюндар үчүн гана арналбайт. Valve корпорациясынын америкалык HBO каналы, Lionsgate киностудиясы жана Google корпорациясы менен түзүлгөн келишимдери бар.

Vive көз айнектеринин өзүлөрү гироскоп акселерометр жана лазер сенсору менен жабдылган, а алар менен бирге комплектиде зымсыз эки электр күчүн өлчөөчү жабдуу болот.