Аида Салянованын өкүлү Расул Умбеталиев мурунку башкы прокурордун күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго каршы козголгон кылмыш иши боюнча өз пикирин билдирди. Абдыкапаров алдамчылыкка айыпталууда.

Алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши 2015-жылдын январынын башында козголгон. Салянованын жолдошу — Бакыт Абдыкапаров — алгач ал иш боюнча айыпталуучу катары өтпөй эле болчу.

Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан алдамчылык схемага катышкан деп шектелүүдө. Атайын кызматтагылардын маалыматы боюнча, Абдыкапаров муниципалдык «Тазалык» ишканасынынын чиновниктеринен аларга карата тагылган айыптоолордун алынышына жардам берем деп акча алган.

«[…] кылмышка тиешеси бар делген адамдар суракка алынган, алар Б.Абдыкапаровго акча бергендиктерин айтышып, жактоочуларынын көзүнчө беттештирүүнүн жыйынтыгында алардын берген көрсөтмөлөрү ырасталган», — деп билдирүүдө УКМКнын басма сөз кызматы.

Абдыкапаровго карата белгиленген аймактан чыкпоо баш коргоо чарасы белгиленген.

«Кылмыш иши 2015-жылдын 5-январында козголгон, тергөө мөөнөтү 2015-жылдын 5-мартында аяктайт. Көрсөтүлгөн датага чейин кылмыш иши сотко өткөрүлүп берилет да айыпталуучунун канчалык деңгээлде күнөөлүү экендиги аныкталат», — деп жазылган УКМКнын пресс-релизинде.