«Орус дүйнөсү» корунун активисттери АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдында митинг өткөрүштү. Алар Кошмо штаттарынын Кыргызстандагы жаңы дипломаты Ричард Майлздын дайындалышына каршы чыгышууда.

Орусиячыл активисттердин митингине АКШнын Кыргызстандагы иштерине ишеним берилген өкүлү Ричард Майлздын убактылуу дайындалышы себеп болгон. Ал Шейла Глуотни келгенге чейин убактылуу элчинин милдеттерин аткарат.

Тексттик хроника:

11:44 «Мүмкүн мен бир нерсени туура эмес айткандырмын. Мага кечиримдүү. Ооба, эмоцияга берилип айттым. Бирок мен Путиндин терроризмге каршы жакшы күрөш жүргүзүп жаткандыгын көрүп атам, а Обама андай кылбай эле» — деп түшүндүрмө берди акциянын катышуучусу АКШнын президентин эмне себептен «негритос» деп атагандыгы тууралуу.

11:42 Митингдин дагы бир катышуучусу АКШнын президенти Барак Обаманы «негритос» жана «иттин баласы» деп атады.

«Байкуш африкалыктар. Мен көз салып тургам, алар ачка, таштандылардын арасында жатышат. А ал болсо бул жакка акча жөнөтүп жатат. Эмнеге? Анткени ал Кыргызстандын өнүгүүсүн, биздин өнүкпөй кедей жашашыбызды, бизге эч нерсе алып келбей, эч нерсе бербөөлөрүн каалайт», — деп билдирди ал.

11:39 Митингдин дагы бир катышуучусу өз кесиптештерин «Донецк жана Лугансктай көтөрүлүүгө» чакырды — Донецк менен Луганск учурда Украинанын борбордук бийлигине куралдуу каршылык көрсөтүп жаткан өлкөнүн чыгышында өз алдынча жарыяланган «элдик республикалар».

11:34 Митингдин дагы бир башка катышуучусу Александр америкалык тасмаларга терс көз карашта экенин жана «негрлерди жаман көрөөрүн» айтты.

«Чынын айтсам, мен негрлерди жаман көрөм. Алар жинди чалыш, өздөрүн ошондой алып жүрүшөт. Жаштарга дүйнө кандай болушу керектигин, өзүн кантип алып жүрүү керектигин көрсөтүп жатышат, алар тапанчаны алып кимдир бирөөнү атып салуулары мүмкүн», — деди Александр.

11:28 Kloop.kgнин кабарчысы Владимир Цай митингдин катардагы катышуучуларынан акцияга эмне себептен келгендиктери тууралуу сурап баштады. Митингдин катышуучуларынын бири «Кыргызстандын жаштарынын америкалык тасмалар жана үгүттөөлөрүнөн улам бузулуусуна» каршы болуп келгендигин билдирди.

«Азыр биз Украинадагыдай эмес, тынчтык болсо дейбиз. Эгер биздин өлкөгө кийлигишишпесе, анда баары болот. Азыр биздин революциянын датасы жакындап калды. Биз анын кайталанышын каалабайбыз. Биз тынчтыкта жашагыбыз келет, а тынчтыкты бизге Орусия гана бере алат», — деди ал.

11:21 Митингдин катышуучулары митингке «АКШга каршы өз укуктарын коргоо» үчүн чыккандыктарын билдиришти.

«Мында түрдүү улуттагы адамдар чогулдук. Америкалыктар бардыгын Орусияга шылташпасын. Биз дагы Украинадагы жаңы режимге каршыбыз. Биз Майданда булочкаларды таратып жүргөндөрүн көргөнбүз, а көрсө алар 50 миң адамдын каны сиңген булочкалар экен. Ал деген 50 миң жетим калган балдар, жесир аялдар жана апалар», — деп билдирди митингдин катышуучуларынын бири.

11:15 Ажыбекова анын кыймылы «эч ким тарабынан каржыланбастыгын» билдирди. Ал митингдин катышуучулары менен өз партиясынын мүчөлөрүн «өлкөнүн ак ниеттүү патриоттору, жалпы Советтер союзунун патриоттору» деп атады.

11:14 Митингдин уюштуруучусу — коммунисттик партиянын лидери Клара Ажыбекова — АКШнын дипломаты Ричард Майлздын дайындалышына каршы чыгып жаткандыктарын билдирди. Айтымында, Майлз «башка өлкөлөрдө түстүү революцияларды уюштуруп келген».