Президент Алмазбек Атамбаев өлкөгө оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салуу жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Акт «жолдордогу коопсуздукту жогорулатууга» багытталган. Буга чейин бул мыйзам жол кырсыктарынын «себептери менен эмес, а кесепеттери менен күрөшүү» болот деген сындарга кабылып келген.

Кыргызстанга оң рулду унааларды алып кирүүгө тыюу салуу жөнүндөгү мыйзамга Атамбаев тарабынан 27-февраль күнү кечинде кол коюлду. Ал «Эркин-Тоо» гезитине расмий жарыялангандан үч ай өткөн соң күчүнө кирет.

Президенттин администрациясынын пресс-релизине ылайык, тыюу салуу Кыргызстанда «автомобилдик транспорттун жүрүүдөгү натыйжалуулугун жана коопсуздугун жогорулатууга» багытталган.

«Мыйзам рулдук башкаруусу оң тарабына жайгаштырылган автомобиль транспорт каражатынын катышуусунда жол-транспорт кырсыктарын азайтууга багытталган», — деп жазылган президенттин сайтында.

Аны менен катар мыйзамда тыюу салуу Кыргызстандын өкмөтү тарабынан аныкталчу айыл чарбасына, жолдорду курууга арналган транспорт каражаттарынын түрлөрүнө тиешеси болбой тургандыгы көрсөтүлгөн.

Оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам Ички иштер министрлигинин Жол кайгуул кызматы тарабынан 2014-жылдын жаз айларында демилгеленген.

Анда ЖКК жетекчилиги акыркы беш жыл ичинде оң рулдуу унаалардын саны өлкөдөгү жалпы унаалардын 13 пайызына жеткендигин билдирген.

Алардын маалыматы боюнча, оң рулдуу транспорт каражаттары жол кырсыктарынын 20 пайызында кырсыктын себепчиси болушат. 2014-жылдын декабрында ЖККнын башчысы Сергей Дьяченко тыюу 2015-жылдын жайына карата күчүнө кире тургандыгын айткан.

«Кесепеттери менен күрөшүү»

«Тартиптүү айдоочулардын тобу» уюмунун  негиздөөчүсү Айбек Баратов мыйзам күчүнө киргенден кийин өлкөдөгү жол кырсыктарынын саны азайбайт деп эсептейт. Анын пикиринде, көйгөй оң рулдуу унааларда эмес, а айдоочулардын унаа башкара албаганында.

«Көйгөй унааларда дагы, рулдардын жайгашуусунда дагы эмес, а айдоочулардын баштарында. Биринчиден, алар айдоочулук күбөлүктөрүн ар кандай жолдор менен алышат. Экинчиден унаа башкарганды билишпейт. Үчүнчүдөн, бул өз учурунда реакция жасап, туура жазалай албаган мамлекеттик автоинспекциянын күнөөсү», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Баратов тыюу салуу менен бийлик жарандардын автоунаа тандоого болгон конституциялык укуктарын бузат деп эсептейт.

«Эмне үчүн көпчүлүк айдоочулардын келесоолугу үчүн мыйзамды сыйлаган жаран катары мен азап тартышым керек? […] Бийлик көйгөйдүн чыныгы маңызын түшүнбөй, анын кесепеттери менен күрөшүп жатат деп эсептейм. Мен коомчулукту ал саясатчыларды таптакыр колдобоого чакырам», — деди ал.

Баратовдун пикиринде, президент алгач жол коопсуздук эрежелерин бузган чиновниктерге көңүл бурушу керек — Бишкекте мамлекеттик номурлуу автоунаалардын жол кырсыктарынын башкы каармандары болгон учурлар көп эле кездешет.

Оң рулдуу унаалардын айдоочулары бул идеяга каршы 2013-жылдын май айында акция өткөрүшкөн — алар парламент имаратынын алдына чогулушуп, нааразычылык катары бардыгы тең бир маалда сигнал беришкен. Бирок андан бери активисттер тыюу салууга каршы ири акцияларды өткөрүшкөн эмес.