Hell Dolls фрик-театры «Кремль» түнкү клубунда Suspension Show — тери астына коюлган илмектердин жардамы менен артисттерди асып көтөрүү шоусун көрсөттү.

Эскертүү! Видеодо үрөй учурчу кадрлар бар. Эгер сиздерде психика жактан көйгөйлөрүңүздөр болсо же видео сиздерге зыянын тийгизет деп эсептесеңиздер, анда аны көрбөңүздөр.

Өзүн Винс деп тааныштырган Hell Dolls командасынын лидери жана идеялык жактан шыктандыруучусу адамдарды илмекке илип жогору көтөрүү менен орусиялык командаларда 2006-жылы алектенип баштаган.

Айтымында, ал «бүт бардыгы колунан келе турган» Кыргызстандагы жападан жалгыз бодимодификатор болуп эсептелет.

«Кесилген тилден тарта эльф кулактары жана каалаган импланттарга чейин, тактап айтканда, бүт бардыгын», — дейт Винс.

Эл алдына чыгуунун алдында шоунун идеалдуу болушу үчүн катышуучулар адамды асып көтөрүүгө студияда даярданып алышат.

Шоунун катышуучусу Марат чыканагынан бир илмекке асынуу менен алектенет.

«Эйфория сезими ушунчалык күчтүү болгондуктан аны сөз менен айтып түшүндүрө албайсың. Оору сезилбейт, аны көзөмөлдөөнү үйрөндүм», — дейт Марат.

Шоунун эң тажрыйбасы жок катышуучусу — Карина. Бул анын экинчи жолу асынуусу.

«Бүгүн … муну сөз менен айтып бере албайм. Алгач бир аз ооруган, тери тартылып жатканда кичине тызылдаган. Анан болду, мен эч нерсе көргөн жокмун, Женянын жүзүн гана көрдүм», — деди Карина.

Адамдарды асып көтөрүү шоусу үчүн Hell Dolls командасы балык улоочу илмектерди, хирургиялык же никель менен капталган болотторду пайдаланышат. Ар бир шоунун алдында илмектер ооруканада стерилизациядан өткөрүлөт.

Асынууда арка сөөктөр ооруп, кан басымы төмөндөшү мүмкүн. Винстин айтымында, шоу маалында күтүлбөгөн кырсыктар болгон жок.