Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев парламенттен «Кумтөр» ишканасы боюнча чечим кабыл алуу мөөнөтүн узартууну өтүндү. Парламенттик эки фракциянын лидери эгер алтын өндүрүү компаниясынын түзүмүн өзгөртүү боюнча макулдашуу кабыл алынбаса Кыргызстан ишкананы улутташтырышы керектигин билдиришти.

26-февралда өкмөт мүчөлөрү, «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү жана Башкы прокуратура парламент алдында канадалык «Центерра» компаниясы менен болгон сүйлөшүүлөрдун жыйынтыктары боюнча отчет беришти.

Анда Оторбаев Кумтөрдөгү алтындын запасы боюнча аудит өткөрүү үчүн «Кумтөр» боюнча чечим кабыл алуунун мөөнөтүн узартып берүүнү өтүндү. Бирок премьер-министр «Центерра» менен акциялары бирдей үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүү боюнча макулдашууну ратификациялоонун так датасын айта алган жок.

«Биздин максат Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгында. 26-мартта аудиттин жыйынтыктары чыгат, иштин 95 пайызы аткарылды», — деди Оторбаев депутаттардын алдында сүйлөп жатып.

Депутаттар «Кумтөр» боюнча чечим кабыл алуу үчүн өкмөткө марттын аягына чейин убакыт берүүгө макул болушту.

«Кумтөр» — канадалык «Центерра» компаниясы ээлик кылган алтын өндүрүү компаниясы, өз кезегинде Кыргызстан «Центерранын» акцияларынын дээрлик 33 пайызына ээлик кылат.

2014-жылдын февралынын башында парламент «Центерра» менен Кыргызстандын өкмөтүнүн ортосунда бирдей үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүү боюнча болжолдуу токтомду жактырган.

Парламент депутаттары, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен парламенттик коалициянын башчысы Феликс Кулов эгер «Центерра» биргелешкен ишкана түзүүгө макул болбосо, Кыргызстан «Кумтөрдү» улутташтырышы керектигин билдиришти.

«Эки жол бар. Биринчи жол — улутташтыруу, экинчиси — капитуляция. Маселени чечүүнүн башка жолу жок. […] Эгер биз капитуляцияны тандасак, анда биз парламенттин кудуретсиздигин көрсөтөбүз. Биз кыргыз мамлекетин уратабыз. Мында кеп эгемендүүлүк, Кыргызстандын көз карандысыздыгы тууралуу болууда», — деп билдирди Текебаев.

«Силер (өкмөт) мөөнөттү жылдырууну суранып жатасыңар, анда келгиле акыркы мөөнөт катары 9-апрелди, бейшемби күндү белгилейли. Эгер өкмөт жакшыртууларга жетише албаса, эгер өкмөт көйгөйдү чечпесе, анда улутташтыруу маселеси коюлушу керек», — деди Кулов.

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков эгер өкмөт алтын өндүрүү ишканасынын түзүмүн өзгөртүү боюнча иштерди 2015-жылдын апрелине чейин бүтүрө албаса аны кетирүү керек деген сунушун айтты.

«Эки ай сурап жатышат. Биз эки ай күтө албайбыз. Эгер марттын аягына чейин өз милдеттерин аткарышпаса, анда андай өкмөттү кетиришибиз керек», – деди социал-демократтардын лидери парламентте.

Турсунбеков ошондой эле «өкмөттөн жетиштүү чечкиндүүлүктү көрбөй жатканын» белгиледи.

Ал ортодо кенди улутташтыруу же «Центерра» менен бирдей үлүштөгү биргелешкен жаңы ишкана түзүүнүн ортосунда кызуу талкуу жүрүүдө.

Тема боюнча: 22 жылдын ичинде Кыргызстандын «Кумтөрдөгү» акцияларынын үлүшү кандай өзгөргөн

Эксперттер улутташтырууга баргандан кийин Кыргызстан канадалык фирмага компенсацияларды төлөп берүү боюнча чоң тобокелчиликтерге дуушар болушу мүмкүндүгүн айтып келишет.

«Бизде ал алтын Кыргызстандын чегинен чыгаары менен эл аралык ордер менен камакка алынбайт деген кепилдик барбы? Канадалык компания доосунда көрсөтүлчү сумманы алмайынча камактар боло берет», — деп билдирген эксперт Шерадил Бактыгулов 2014-жылдын декабрында.

Анткен менен 2014-жылдын соңуна жакын улутташтыруу тууралуу билдирүүлөр жогорку кызматтагы чиновниктер тарабынан көбүрөөк айтыла баштаган — талкууга «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсү өзгөчө түс берип, кийинчерээк идеяны бир нече министр менен президент Алмазбек Атамбаев колдогон.