Парламент депутаттары букмекердик кеңселер менен тотализаторлорго тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам долбоорунун кабыл алынышы үчүн добуш беришти. Ал президент тарабынан кол коюлгандан кийин күчүнө кирет.

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы үчүн 95, каршы 5 депутат добуш беришти. Ал парламенттин акыркы үчүнчү окуусунда жактырылды. Мыйзам долбоору президент тарабынан кол коюлгандан кийин күчүнө кирет.

Документ «Кыргызстанда оюн ишмердүүлүгүнө тыюу салуу жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизет.

Ал өзгөртүүлөргө ылайык, букмекер кеңселерине, тотализаторлорго, кумар оюндарына арналган онлайн жана мобилдик тиркемелерге, ошондой эле комьютердик казино оюндарына тыюу салынат.

«Аталган мыйзам долбоорунун кабыл алынышы ал тармактагы кылмыштарды аныктап, кыскартып жана токтотууга көмөктөшөт, Кыргыз Республикасынын жалпы калкынын адеп-ахлактуулугун, саламаттыгын аракеттүү коргоого реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзөт», — деп жазган демилгечи депутат Төрөбай Зулпукаров мыйзам долбооруна тиркелген негиздеме маалымкатка.

Мыйзамды бузгандарга карата бир миллион сом өлчөмүндө айып төлөтүү же үч жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы каралган.

«Winner» букмекер кеңсесинин өкүлү Александр Волков Kloop.kgге берген маегинде тыюу салуу алардын бизнесине «кыйла эле чоң» таасир эте тургандыгын айтты.

«Эгер депутаттар муну республикабызга терс таасирин тийгизип жатат деп эсептешсе бул алардын укугу. Тескерисинче, дүйнө жүзү боюнча букмекер кеңселерин өнүктүрүүгө аракет кылып жатышат — алар салык төлөп, калкты спортко тартып жатышат», — деди Волков.

Ал мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин «Winner» компаниясынын букмекер кеңселери кандай зыянга учурашы мүмкүндүгүн тактап айткан жок — анын айтымында, букмекер кеңселерине караганда казино менен интернет-оюндар көбүрөөк терс таасирин тийгизишет.

«Менин оюмча, букмекер бизнеси жакшы эле өнүккөн, келип ойногон адамдар абдан көп, утулуп гана кетпестен утуп кеткен адамдар да өтө көп […] Мында спорттук кызыгуу — жакшы көргөн командасын колдоп, ага акча сайып, эгер ийгилик коштосо жеңип алууга да мүмкүн», — деди ал.

«Ишмердүүлүктөрүн жашыруун улантышат»

«Борбордук азиялык эркин рынок институту» — аймактагы экономикалык абалды анализдөө менен алектенген уюм — 2013-жылдын фералында букмекер кеңселери менен тотализаторлорго толугу менен тыюу салуу кумар оюндары көйгөйүн чече албай тургандыгын жазган.

Алардын анализине ылайык, Кыргызстанда спорттук иш-чараларда кумарга койгон акчаларды кабыл алуу менен алектенген 79 компания каттоодон өткөн — ал уюмдар салык катары мамлекетке жылына үч миллион сомдон ашык каражат төлөп турушат.

«Букмекер кеңселери менен тотализаторлорго толук тыюу салуу президент тарабынан көрсөтүлгөн көйгөйлөрдүн чечилишине алып келбейт, анткени башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы жана казинолорго тыюу салуу боюнча биздин өлкөнүн тажрыйбаларын эске алуу менен букмекер кеңселери менен тотализаторлордун бир бөлүгү өз ишмердүүлүктөрүн жашыруун түрдө мыйзамсыз уланта беришет деп ишенимдүү айтууга болот», — деп жазылган алардын отчетунда.

2012-жылдын башында Кыргызстандын бийлиги оюн автоматтары менен казинолордун ишмердүүлүгүнө тыюу салган — кабыл алынган мыйзамдын букмекер кеңселери менен тотализаторлорго тиешеси болгон эмес. Анда мыйзам кабыл алынгандан кийин жумуш ордуларын жоготкон кызматкерлер бир канча жолу митингке чыгышкан.