Президент Алмазбек Атамбаев Беларусь бийлигин бийликтен куулган президент Курманбек Бакиев менен анын үй-бүлө мүчөлөрүн калкалап жаткандыгы үчүн сынга алды. Жаныш Бакиев «криминал авторитети» Алманбет Анапияевдин өлүмүнө шектелүүдө.

Атамбаев кылмыштын күбөсүнүн берген көрсөтмөсү Анапияевдин өлтүрүлүшүнө  Жаныш Бакиев менен анын жакын адамдарынын тиешеси бардыгынан шек туудурбай тургандыгын билдирди.

«Бул туурасында кылмыштын күбөсүнүн жарыяланган көрсөтмөлөрү ачык-айкын далилдеп, Беларусиянын борбор шаарындагы кварталдардын биринде Жаныш Бакиев жана анын жан-жөкөрлөрү А.Анапияевди өлтүргөндүгүнөн эч шек туудурбайт», — деп жазды президенттин айткандарын басма сөз кызматы.

Атамбаевдин билдирүүсүнүн көпчүлүк бөлүгү эмоционалдуу — ал Бакиевдердин дарегине айтылган сын-пикирлерге жана беларус бийлигинин позициясына карата айтылган нааразычылыктарга толгон.

«Беларусиянын бийлиги Бакиевдердин айбандык жана мыкаачылык  маңызына көзү жетиши үчүн бул криминалдуу үй-бүлө дагы кимди өлтүрүшү керек? Бул канкорлор кайда жүрсө дагы, колтугуна катып алган Беларусияда дагы кан төккөнүн уланта берет!» — деп жазылган билдирүүдө сөзмө сөз.

Президент Анапияевдин Минскте өлтүрүлүшү «накта криминалдуу жана кылмыштуу элементтерди калкалоого байланыштуу жарандырынын коопсуздугуна шек келип жаткан Беларусиянын жетекчилери үчүн кооптуу белги болот» деп эсептейт.

«Беларус тараптын бул кылмыштарды катуу айыптоосу жана  Кыргызстанга адам өлтүргүчтөрдү кармап, өткөрүп берүү боюнча иштиктүү чараларды көрүшү Беларусиянын жана анын жетекчилигинин эл аралык аренада кадыр-баркынын өсүшүнө көмөктөшөт деп ишенем», — деп билдирди Атамбаев.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да дээрлик ушундай эле, бирок анча эмоционалдуу эмес билдирүү жасады — мекеме билдирүүсү менен бирге Беларусь бийлигин Бакиевдерди өткөрүп берүүгө да чакырган.

Күбөнүн көрсөтмөсү

Анапияев өлтүрүлгөндөн бир нече күн өткөндөн кийин Кыргызстандын бийлиги «криминал авторитети» өлтүрүлгөн күнү аны менен бирге болгондугун билдирген күбөнүн сурак берүүсүнүн видеосун таратты.

Бул тууралуу күбө эртеси, 26-февралда өзүнүн жактоочусу аркылуу билдирди. Жактоочу Кайрат Загибаевдин айтымында, ал жактоого алган адам Анапияев өлтүрүлгөн күнү Минск шаарынан үч кишини көргөндүгүн айтты: бийликтен куулган президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиевди, анын жан сакчысы Рустам Сайдуевди жана ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын мурунку начальниги Айбек Абдразаковду.

Бул үчөө 2010-жылдын апрелинде бийлик алмашкандан бери Кыргызстандын бийлиги тарабынан изделүүдө.

Жактоочунун айтымында, күбө 2014-жылдын августунан бери Анапияевдин үйүндө «аны кайтарып. тамак жасап берип» жашаган. «Криминал төбөлү» өтүрүлгөн күнү ал жакка Бакиев, Сайдуев жана Абдразаков кирип келишип, аны үйдөн чыгып туруусун өтүнүшкөн.

Жактоочунун билдирүүсүнүн толук видеосу:

«Түнчүндө мен жактоого алган адам кавказ улутундагы киши менен Айбектин кездемеге оролгон оор бир нерсени үйдөн көтөрүп чыгып жаткандыктарына көңүл бурган. Ал эмне алып чыгып бара жаткандыктарын дароо түшүнгөн эмес. Акырындык менен жай алып чыгышкан. Анан Анапияевдин унаасына бир нерсе салышкан. Үйдөн көз айнекчен адам акыркы болуп чыккан», — деп билдирген жактоочу.

Жактоочу «оор жана кездемеге оролгон бир нерсе» деген сөзү менен болжолдуу түрдө Анапияевдин жансыз денесин айткысы келген — белорус милициясы «криминал авторитетинин» мууздалган денесин унаанын багажынан 2015-жылдын февралынын ортосунда тапкан.

Күбөлөрдү коргоо программасы

Загибаев күбө Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин күбөлөрдү коргоо программасы боюнча өтүп жаткандыгын айтты.

«Мени күбөлөрдү коргоо программасы ишендирди. ИИМдин жетекчилиги аталган иш-чараны кыйла эле жогорку квалификацияда өткөрө тургандыктарын айтып ишендирди. Ал эмес азыр мен жактоомдогу адамдын кайсыл жакта экенин билбейм. ИИМ ага олуттуу медициналык жана психологиялык жардам көрсөттү», — деди ал.

Ички иштер министрлигинен күбөнү суракка алгандыктарын ырасташты, бирок түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

Кыргыз милициясы тарабынан криминал авторитети деп эсептелген Алманбет Анапияев Минск шаарында өлтүрүлгөн. Анапияевдин мууздалган денеси тартылган сүрөт интернетке 19-февраль күнү кечинде тараган. «Криминал авторитетинин» жактоочусунун айтымында, туугандары анын денесин таанышкан.