Кечээ кечинде жааган жамгырдан улам Бакай-Ата айылындагы бир канча турак-жайдын короосун суу каптады. Аталган айылдын тургуну Кадырбай Асылбековдун короосуна суу кирип, кой, отундарын агызып кеткен.

bakai-ata (2)

Кадырбай Асылбековдун айтымында 12-февралда кечки саат алтыларда үйүнүн жанындагы арыктан аккан суу көтөрүлө баштаган. Өз алдынча аракет кылып, каптарга кум салып, сууну тосууга аракет кылган. Бирок аракети жыйынтык берген эмес.

bakai-ata (4)

“[...] Суунун көптүгүнө байланыштуу арыкка батпай бүт жерди каптады. Үйдүн алдын баарын суу каптап, отундарды агызып кетти. Корообузду бузуп, койлорду агызды. Коңшулардын жардамы менен бардык койлорду суудан алып чыктык”, - деп кейиди Асылбеков.

Асылбековдун коңшусу Айганыш Танабаева коркуу сезими болгонун, бирок ошого карабай кошунасына жардам бергенге үлгүргөн.

bakai-ata (5)

“[...] Кудай, кудай, деп кудайга жалындык. Андан башка колубуздан эмне келет. Колубуздан келген жардамыбызды жолдошум, балдарым менен биргеликте кошунабызга көрсөттүк”,- деди Танабаева.

bakai-ata (1)

“[...] Баарын көрүп турасыздар. Муну бардыгы зыян. Кайра калыбына келтирүү үчүн көптөгөн убакыт керек болот. Бул селде өзүбүз жабыркаган жокпуз, үй-бүлөбүз менен аманбыз [...]”,- деп айтты үйдүн ээси Асылбеков.

Бирок, отун-суубуз, тамактарыбыз, бардыгы агып кетти, деп кошумчалады ал.

Жергиликтүүлөрдүн билдиришинче, Бакай-Атада мындай суу каптоо акыркы жолу 2009-жылы каталган.

Видео

Сүрөт жана видеодо Кадырбай Асылбековдун үйү. Автору: "Бакай-Ата FM" жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары Бакай Сапаралив, Алижан Куттубеков.