Кара-Буура районуна караган Аманбаев жана Балыкчы айылдарында аба-ырыйынын температурасынын жогорулашынан тоодогу карлар ээрип, 63 турак үйдүн астын суу каптаган, деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ).

IMG_1229

Кечээ 11-февралда түштөн кийинки күндүн жылышы Талас облусунда кардын эрип, эки айылды суу каптоого алып келген. Аманбаев жана Балыкчы айылдарында түшкү саат экиден кийин тоодон эрип түшкөн суу арыктарга толуп ашып, турак-жайлардын жер төлөлөрүн, чарбалык курулуштарды жана жолдорду каптаган.

33

ӨКМ басма сөз кызматынан билдиришкендей, Аманбаев айылында 60 турак үйдүн астын суу каптаса, Балыкчы айылында үч үйдүн тамаркасын суу баскан.

IMG_1105

“Аманбаев айылында 60 турак үйдүн астын, тамаркаларын суу каптаган, анын ичинен 13 турак үйдүн жертөлөлөрүн, 25 чарбалык курулуштарын суу каптаган жана 1,5 чакырым ички чарбалык жолдор жабыркаган. […] Ошондой эле Бейшеке айыл аймагынын Балыкчы айылынын [...] Адыранкул көчөсүнөн өткөн үч турак үйдүн астын, тамаркаларын суу каптаган”, - деп маалымдады басма сөз кызматынан.

IMG_1070

Билдирүүдө жазылгандай, учурда суу баскан турак жайларга коркунуч жок.

11

“Суу каптоонун кесепеттерин жоюуга жергиликтүү тургундардан 100 адам жана бир экскаватор, бир жүктөгүч айыл аймагы тарабынан тартылган”, - делет билдирмеде.

Сүрөттө Аманбаев айылы. ӨКМ басма сөз кызматынын сүрөтү