«Кыргыз чоролору» коомдук кыймылы «сойкулук» менен күрөшүү боюнча талкуу өткөрдү.

Иш-чара Бишкекте, Профсоюздар үйүнүн имаратында өттү. Анын уюштуруучусу — «Асаба» партиясынын лидери Салмоорбек Дыйканов.

Кыймылдын лидери Замирбек Көчөрбаев караоке-клубдардын ээлери кыздарды жалдап, аванс катары 10 миң доллар акча берип, ал сумманы «иштеп табуулары» үчүн аларды чет өлкөлөргө жөнөтө тургандыктарын айтты — анын статистикасы боюнча, учурда Кытайда 10 миң, Түркияда 7,5 миңге жакын кыргызстандык кыздар иштеп жатышат.

Ал декабрдагы рейддин жүрүшүндө кыймыл клубдун администраторунан кардарларга коммерциялык секс кызматын көрсөтүүлөр тууралуу жазылган дептер алгандыгын билдирди.

«Кыргыз чоролорунун» талаптарынын бир бөлүгү:

  • Чет элдиктер мейманканаларда гана жашоолору керек;
  • Батирлерди үй-бүлөлүүлөргө гана ижарага берүү;
  • Эгер мейманканалар кымбат болсо алар жатаканадан бөлмө алуулары керек;
  • Чет элдик жарандарды көзөмөлдөө;
  • Эгер кайсыл милиция кызматкеринин аймагынан сойкулар турчу үй табыла турган болсо ал аймактык милиционер кызматтан кетиши керек;
  • Эгер «Кыргыз чоролору» «сойкуканасы» бар караоке-клуб таба турган болсо, ал райондун РИИБсинин башчысы кызматтан алынышы керек;
  • Кыргыздарга көп аял алууга уруксат берүү керек;
  • «Мадинадагы» соодагер уйгурлардын бардыгы тең кыргыздарга алмаштырылышы керек.

Skrinshot-28.01.2015-131611

УКМКнын басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде алар «Кыргыз чоролорунун» жыйын маалында айткан билдирүүлөрүн карап чыга тургандыктарын айтты.

«Асаба» партиясынын өкүлү Жолдошбек Орозов алардын койгон талаптары аткарылмайынча кыймыл нааразычылык билдире бере тургандыгын айтты.

«Парламентте отурган гейлер, исламисттер жана башкалардын бири да кыргыздардын баалуулуктарын көтөргүсү келбейт. Баалуулуктар үчүн күрөшүп жаткан эки-үч жакшы депутаттар бар. Келгиле телеберүү, гезит аркылуу кайрылуу жасайбыз, же жүргүлө чогу КТРКга баралы. […] Биз нааразычылык билдиришибиз керек. Кыргыздардын өз абийир, ар-намысы бар. […] Депутаттардын айынан биз оор абалдабыз», — деп билдирди ал.

«Кыргыз чоролору» кыймылынын лидери рейд тууралуу видеосунда казакстандык телеканалдын кадрларын пайдалангандыктарын мойнуна алды. Бирок азырынча эмнеге андай кылгандыктарын түшүндүрө элек.

«Кырк чоро» кыймылы

«Кыргыз чоролору» деген аталыш менен да белгилүү болгон «Кырк чоро» кыймылы өздөрү «сойкукана» деп эсептеген караоке-клубдарда өткөргөн уруксатсыз рейддери менен атагы чыккан.

Кыймылдын мүчөлөрү алар укук коргоо органдары менен болгон макулдашуулар боюнча аракеттенип жаткандыктарын айтышууда. Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет болсо тескерисинче, расмий түрдө алардын аракеттерин айыпташты.

Kloop.kgнин колуна тийген видеодо көрүнүп тургандай, рейддин жүрүшүндө кыймылдын мүчөлөрү ошол маалда клубдун ичинде жүргөн Кытайдан келген мигранттар менен «Кыргыз чоролору» тараптан «сойкулукка» шектелип жаткан кыздарга карата зомбулук көрсөтүшкөн.

ШИИБнин расмий билдирүүсүнө ылайык, «Кыргыз чоролору» клубдагы даараткананын эшигин сындырышып, бөлмөлөрдүн биринин кулпусун бузуп, видеокөзөмөл камераларында тартылган видео-жазуулар сакталган серверди алып кетишкен.

Тема боюнча: