Президент тарабынан сунушталган Индира Жолдубаеванын башкы прокурорлукка талапкерлиги парламент тарабынан колдоо тапты. Ал отставкага кеткен Аида Салянованын ордуна барат.

Жолдубаеванын башкы прокурорлукка талапкерлигин 105 депутат колдоду, экөөсү каршы добуш беришти.

Талкуунун жүрүшүндө жалпысынан депутаттар талапкер тууралуу жакшы пикирлерди айтышты — алар Жолдубаеванын башталган кылмыш иштерин аягына чыгарып, аларды «адилеттүү тартипте» карап чыгуусу керектигин билдиришти.

«Ар-Намыс» фракциясынын лидери Феликс Кулов Жолдубаеванын прокуратура тармагында жетишээрлик тажрыйбасы жоктугу тууралуу айтылган сынга жооп катары ал «кемчилиги» тескерисинче анын коррупция менен күрөшүүсүнө жардам бере тургандыгын айтты.

«Менин оюмча, азыркы тарыхый этапта тажрыйбасы жоктугу сыяктуу силер белгилеп кеткен нерселери тескерисинче анын артыкчылыгы болуп эсептелет. Сиздин коммерциялык түзүмдөрдө иштеп баштагандыгыңыз жакшы, анда баары кандай болорун билесиз. […] Коомчулукта прокуратура чуулгандуу иштерге жамынып алып коммерциялык түзүмдөрдөн пара алат деп айтып жүрүшөт», — деди ал.

«Республика» фракциясынын мүчөсү Курманбек Дыйканбаев Жолдубаевадан прокуратуралардын аймактардагы «негизсиз» жана жеке текшерүүлөрү көйгөйүн кароосун өтүндү.

«Азыр белгилеп кеткениңиздей, аймактарда кызматкерлер өзүлөрүн анча сылык алып жүрүшпөйт. 7-январдар бери прокурорлор акча талап кылып жаткандыктары тууралуу мага телефон чалуулар болуп жатат. Сиздин ушул жакты карап чыгышыңызды өтүнөм, азыр айыл өкмөт болуп иштегиси келгендер өтө аз. Алар (прокуратуранын жергиликтүү өкүлдөрү) Башкы прокуратурага баш ийишпейт го деген ой туулат», — деди Дыйканбаев.

Жолдубаева текшерүүлөр баары бир боло тургандыгын, бирок ал тартипке келтирүүгө аракет кыла тургандыгын айтты.