Кыргыз парламенти «ар-намысчы» Нурлан Төрөбековдун депутаттык ыйгарым укуктарынан ажыратылышына каршы добуш беришип, ага каршы кылмыш ишинин козголушуна уруксат беришкен жок. Башкы прокуратура Төрөбековду жогорку окуу жайынын дипломун жасаткан деп айыптоодо.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында жыйынга катышкан 82 депутаттын 69у «ар-намысчы» Нурлан Төрөбековдун кылмыш жоопкерчилигине тартылышына каршы добуш беришти.

Башкы прокуратура Төрөбековду жогорку окуу жайынын дипломун жасаткан деп айыптоодо. Башкы прокуратуранын маалыматтарын атайын түзүлгөн депуттык комиссия текшерип чыгып, «ар-намысчы» дипломун жасаткан деген чечим чыгарды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, Башкы прокуратуранын Төрөбековду жоопкерчиликке тартуусуна уруксат бербөө сунушталган токтом парламенттин кароосуна коюлган.

Башкы прокуратуранын парламентте сүйлөгөн өкүлү Төрөбеков «көрсөтмө берүү үчүн бир дагы жолу барбагандыктан» депутатка карата тергөө иштери убактылуу токтотулгандыгын билдирди.

Төрөбековдун айтымында, ал тергөөгө жардам берүүгө даяр, бирок оорусуна байланыштуу азырынча көрсөтмө бере элек. Аны менен катар депутат кылмыш ишин «саясатташкан» деп эсептеп, дипломунун жасалма экендигин четке кагууда.

Андан сырткары депутаттык комиссия бардык депутаттар менен жогорку административдик жана саясий кызматтардагы чиновниктердин дипломдорун текшерүүгө алууну сунуштады. Бирок депутаттар бул демилгени колдобостон, сунушка каршы добуш беришти.

Жасалма диплом

Башкы прокуратура Нурлан Төрөбековго карата Кылмыш кодексинин «алдамчылык» жана «жасалма, жалган документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөр жана бланктарды пайдалануу» беренелеринин негизинде 2014-жылдын 24-сентябрында кылмыш ишин козгогон.

Көзөмөлдөө органынан Төрөбеков 2013-жылы президенттин аппаратына Кыргыз Улуттук университети тарабынан берилген жасалма дипломунун көчүрмөсүн көрсөтүп, мамлекеттик кызматтын үчүнчү даражасындагы мамлекеттик кеңешчи чинине ээ болгондугун аныкташкан.

Башкы прокуратура ал дипломдун Төрөбековго берилбегендигин жана каттоо китепчесинде ал дипломдун жок экендигин билдирүүдө.

«Ошол эле катталуу номуру менен, бирок башка күнү жана башка серия менен диплом башка адамга берилген. Ошентип, Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбеков жалган дипломду пайдаланып, тиешелүү укуктарга ээ болгон», — деп билдиришкен анда Башкы прокуратурадан.