«Кыргыз чоролору» кыймылы алматылык телеканалдын сюжетиндеги кадрларды өздөрүнүн Бишкекте өткөргөн рейдинин видеосу катары көрсөтүшкөн.

«Кыргыз чоролору» деген аталыш менен да белгилүү болгон «Кырк чоро» кыймылынын активисттери 23-январда Бишкектеги «Люкс» караоке-клубунда рейд өткөрүшкөн. Клубдун ээлери алар тараптан «сойкукана уюштурган» деп шектелишкен.

«Кыргыз чоролору» кыймылы рейддин жыйынтыгы боюнча видео жарыялаган — анда беттерин оператордон жашырып жаткан жеңил кийимчен кыздар тартылган. Кыймыл ал кадрларды «Люкс» клубундагы өзүнүн рейди тууралуу видеосунда пайдаланган.

«Люкстун» администратору Светлана Ахметова Kloop.kgге берген маегинде «Кыргыз чоролору» алматылык телеканалдын сюжетиндеги кадрларды алардын клубунда өткөргөн өздөрүнүн рейди катары көрсөтүшкөндүгүн билдирди.

«Видеодогу биздин имарат эмес экендигин көрдүңөр. Бул жактын жасалгасы менен тигил жактын жасалгасынын айырмасы көрүнүп турат. Балким кээ бир жерлери окшошуп кетээр, бирок кардарлардын бул жерден кыздарды алып кеткендиги фактысы жок», — деди ал.

«Кыргыз чоролорунун» рейдинин видеосу:

Kloop.kgнин редакциясы ал сюжетти YouTube видео-сервисинен таап алды. Анда казак полициясы Алматыдагы оюн-зоок жайлардын бирин текшерүүгө алып жаткандыгы тартылган. Ал видео AlmatyUS деген колдонуучу тарабынан 2011-жылдын августунда жарыяланган жана «Гюльчатай, открой личико…» деп аталат.

Алматылык телеканалдын сюжети:

Анда «Кыргыз чоролору» өзүнүн рейди тууралуу видеосунда пайдаланган кадрлар бар.

Азырынча кыймылдын мүчөлөрүнүн өзүлөрү видеосунда башка бирөөлөрдүн кадрларынын пайдаланылгандыгы боюнча эч кандай түшүндүрмө беришпей эле.

Видеонун өзүндө кыздар тартылган кадрлардын бардыгы тең «Кыргыз чоролору» тарабынан тартылбагандыгы тууралуу эч нерсе айтылган эмес.

Аны менен катар кыймылдын активисттери көрүнүп турган кадрларда клубдун кардарлары да, секс-жумушчулары катары кабыл алууга мүмкүн болгон кыздар да көрүнбөйт.

Маалымат жыйынын үзгүлтүккө учуратуу аракети

Караоке-клубдун жактоочусу Марат Токтоматов 27-январда маалымат жыйынын өткөрүп, «Кыргыз чоролорунун» аракеттерин «өзүм билемдик» деп атады — анын пикиринде, алар укук коргоо органдарынын ордуна рейддерди өткөрө алышпайт.

Кыймылдын активисттери Токтоматовдун маалымат жыйынына келишип, жактоочунун сөзүн бөлүп жана кезексиз суроолорду берүү менен иш-чараны үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышкан. Алар рейддерди өткөрүп жаткандыктарын түшүндүрүүдө укук коргоо органдары менен болгон макулдашууга таянышты.

«Конституцияда биздин кайсыл бир жакка кире албай тургандыгыбыз жөнүндө жазылган эмес. […] Биз эки апта мурун эле ал жакта рейд өткөрө тургандыгыбыз жөнүндө укук коргоо органдарына билдиргенбиз», — деди кыймылдын өкүлү.

Маалымат жыйыны болгон залда жүргөн ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы Саламат Адыловдун айтымында, «Кыргыз чоролору» рейд тууралуу милицияга кабар беришкен, бирок жооп катары укук коргоо органдары алгач «сойкукананын бар экендиги фактысын» далилдөө керектигин билдиришкен.

«Ал катты алгандан кийин биз сойкукананын уюштурулгандыгы фактысын далилдөө керектигин билдирдик. Ал кыздардын ошол жакта иштей тургандыктарынын фактысы — эч кимге сыр эмес. Ошондуктан биз тараптан билдирүү жолдонгон. Рейддин жүрүшүндө эч кандай аша чапкандык болуп кетпеши үчүн биз ыкчам топту чакырганбыз», — деди ал.

«Кырк чоронун» декабрдагы рейди

«Кыргыз чоролору» деген аталыш менен да белгилүү болгон «Кырк чоро» кыймылы 2014-жылдын декабрында караоке-клубдардын биринде өткөргөн рейди менен атагы чыккан. Кыймылдын активисттеринин айтымдарында, ал караоке-барда «сойкукана» уюштурулган болчу.

Kloop.kgнин колуна тийген видеодо көрүнүп тургандай, рейддин жүрүшүндө кыймылдын мүчөлөрү ошол маалда клубдун ичинде жүргөн Кытайдан келген мигранттар менен «Кыргыз чоролору» тараптан «сойкулукка» шектелип жаткан кыздарга карата зомбулук көрсөтүшкөн.

ШИИБнин расмий билдирүүсүнө ылайык, «Кыргыз чоролору» клубдагы даараткананын эшигин сындырышып, бөлмөлөрдүн биринин кулпусун бузуп, видеокөзөмөл камераларында тартылган видео-жазуулар сакталган серверди алып кетишкен.

Кийинчерээк кыймылдын башчысы Замирбек Көчөрбаев Kloop.kgге берген маегинде алар укук коргоо органдары жана Башкы прокуратура менен болгон макулдашуулар боюнча аракеттенип жаткандыктарын айткан.