Бишкектин Ленин райондук соту оппозициялык саясатчы Адил Турдукуловдун Кыргызстандан сыртка чыгуусуна уруксат берди. Буга чейин «төлөнө элек насыясы бар» деген жүйө менен аны өлкөдөн чыгарбай коюшкан.

Турдукулов Kloop.kgге берген маегинде Ленин райондук соту анын чет өлкөлөргө чыгуусуна уруксат бергендигин айтты. Буга чейин, 23-январда, кичи насыя берчү компанияга 600 доллар карызы бар деген жүйө менен аны АКШга баруусу үчүн Кыргызстандан чыгарбай коюшкан.

Судья Сейтек Коңурбаев «АКИпресс» агенттигине берген маегинде 26-январда Ленин райондук соту оппозиционердин чет өлкөгө чыгуусуна уруксат бергендигин билдирген.

«Тараптардын түшүндүрмөлөрүн угуп, иштин материалдардын карап чыккандан кийин сот тыюуну алды, анткени А.Турдукулов карызды төлөп берүү тууралуу милдеттеме жазып берген», — деп жазган «АКИпресс» Коңурбаевдин айткандарын.

Судья Турдукуловдун карызы боюнча сотко келбегендиги үчүн анын чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салынгандыгын кошумчалады.

Оппозиционердин өзү карызды төлөп берүү боюнча милдетмесинен баш тартпагандыгын айтып, ал кезге карата карызын толугу менен төлөп бүткөндүгүн кошумчалады.

«Мен карызды төлөп берүүдөн баш тарткан эмесмин, төлөөгө да даяр болчумун. Ошол кезде алган карызды толугу менен төлөп бергенимди белгилеп койгум келүүдө. Жөн гана мен төлөй эле айып санкциялары калган», — деди ал.

Чек арадан өткөрбөй коюшкан

Кыргыз депутаттары, оппозициялык активисттер жана укук коргоочулардан турган 15 киши 23-январда Алматы аба майданынан АКШга учуп кетишмек.

Бирок ал топтун курамында болгон Адил Турдукулов Кыргызстандын чыга алган эмес — аны «Ак-Жол» чек ара өтмөгүнөн токтотушкан.

Кийинчерээк Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы Турдукуловдун өлкөдөн чыгуусуна Бишкектин Ленин райондук сотунун чечими боюнча уруксат бербей койгондуктарын билдирген. Билдирүү боюнча, оппозициялык активист кичи насыя берүүчү компаниялардын бирине 600 АКШ доллары өлчөмүндөгү карызын төлөп берген эмес.

Топтун мүчөлөрүнүн бири депутат Равшан Жээнбеков «Азаттык» радиосуна берген маегинде Кошмо штаттарында алар америкалык конгрессмендер, Улуттук коопсуздук кеңешинин жетекчилери жана эл аралык бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолуга тургандыктарын билдирген.