Kickstarter краудфандинг аянтында Кыргызстандын көркөм тасмасын тартуу үчүн каражат чогултуу боюнча өнөктүк башталды.

Александр Бисли «Кульминация» көркөм тасмасын тартууга каражат чогултуу боюнча биринчи кыргыз өнөктүгүн баштады. Тасманын авторлору 23-февралга чейин 50 миң АКШ долларын чогултуу ниеттинде.

«Кульминациянын» сюжетинин борборунда — ишкердин уулунун уурдалышы жөнүндөгү окуя. Жаратуучулар анда  социалдык контекс менен Борбордук Азиядагы курч коррупциялык көйгөйлөрдү ачып берүүнү убада кылышкан. Тасма Бишкекте эле гана эмес, Алматыда да тартылат.

Авторлордун тасма тууралуу жана алдыдагы тартуу иштери жөнүндө видеокайрылуусу

Тасманын режиссёру буга чейин Бисли менен биргеликте эки кыска метраждуу тасма жараткан кыргызстандык Канат Өмүрбеков болот. Башкы ролду Нурбек Эгендин «Аталар керээзи» тасмасындагы ролу менен белгилүү Болот Тентимишев аткарат. «Кульминацияга» саундтректи италиялык композитор Федерико Труцци жазат — аны менен катар тасманын башкы темасы жазылып, учурда ал угууга жеткиликтүү.

Жаратуучуларга 50 АКШ доллары талап кылынат, каражат чогултуу өнөктүгү 23-февралга чейин уланат. «Кульминациянын» тартылышына каражат бөлгөндөр канча өлчөмдө акча бөлгөндүгүнө жараша тасманы онлайн көрүү укугуна, саунтректин санариптик көчүрмөсүнө, постерлерге ээ болушуп, ысымдары титрлерде жазылат.

«Кульминациянын» жаратуучуларынын кыска метраждуу тасмасынын трейлери

Ошондой эле авторлор тасманын өзгөчөлүгү катары «Кульминация» тартыла турган камераны белгилешүүдө. Видеого тартуу режими бар Canon 50D фотоаппараты оператордун башкы камерасы болот — бул аталган түзмөктө тартыла турган дүйнөдөгү алгачкы тасма болот.

Бирок «Кульминацияны» тартуу үчүн каражат чогултуу боюнча өнөктүк — Kickstarterдеги Кыргызстанга байланышкан жалгыз программа эмес. 2012-жылы америкалык Найла Тава Арсланбоб жөнүндөгү документалдуу тасманы тартууга 10 миң АКШ долларын чогулткан.

Андан бир жыл мурун Нурмира Гринберг кыргыз улуттук музыкасын дискке жаздырууга каражат чогултуу боюнча өнөктүгүн ийгиликтүү аяктаган. 6 миң доллардан ашык каражат чогултуп, Нурмира улуттук жана классикалык аспаптарда улуттук музыканын альбомун жазууну уюштурган.

Kickstarter — колдонуучулар перспективдүү долбоорлорго акча сала турган краудфандинг кампаниясы. Долбоор 2009-жылдан бери иштейт, андан бери жалпы топтолгон сумма миллиард долларга жеткен. Kickstarter аркылуу Pebble акылдуу сааттары, Oculus Rift виртуалдуу реалдуулук көз айнектери, Broken Age, Wasteland 2 оюндары, Зак Браффтын «Хотел бы я быть здесь» тасмасы каржыланган.