Ошто сатиралык «Шарли Эбдо» журналындагы Мухаммед пайгамбарга карата тартылган карикатураларга каршы акция өттү. ЖМКлардын маалыматтары боюнча, митингке Бишкекте өткөн ушундай эле акциянын катышуучуларынан төрт эсе көп, миңге жакын киши катышкан.

Митинг 24-январда Ошто — чоңдугу боюнча Кыргызстандын экинчи шаарында өттү. Уюштуруучулар акцияны «Мен пайгамбарымды сүйөм» деп аташкан. Аны өткөрүүгө Париждеги «Шарли Эбдо» сатиралык журналынын кол салынгандан кийинки алгачкы санына Мухаммед пайгамбарга карата тартылган карикатуралардын басылып чыгарылгандыгы себеп болгон.

«Азаттык» радиосунун маалыматы боюнча, акциянын катышуучулары Франциядан келген товарларга бойкот жарыялоого, анын ичинде парфюмериясынан баш тартууну сунушташты. Басылма акцияга 1000ге чукул киши чогулгандыгын жазды.

Журналист Сахира Назарова өз блогунда митингди «тынч жана маданияттуу» деп мүнөздөгөн.

«24-январда Ошто мусулмандардын тынчтык акциясы өттү. Адамдар улам-улам келип кошулуп жатышты. Облустун райондорунан да келишти. Өз максаттарына ишенген адамдардын тынчтык кыймылы. Милиция кызматкерлеринин саны көп болду. Бир аз арыраакта аялдар да турушту, бирок алардын саны кыйла эле аз болду. Бардыгы тынч жана маданияттуу өттү», – деп жазган ал.

Ушундай эле митинг Бишкекте 20-январда өткөн — анда 250дөн ашык киши чогулуп, Мухаммед пайгамбарга карата карикатураларды тартууну токтотуу талаптары айтылган. Акцияга катышкан депутат Турсунбай Бакир уулу анда карикатураларды чагымчылдык деп атаган.

Бишкекте өткөн ушундай эле митинг:

Тексттик вариантын бул жерден окууга болот.

Видео: Ислам Абу Халил

Башкы сүрөт Сахир Назаровдун блогунан алынды.