Мамлекеттик чек ара кызматы оппозициялык саясатчы Адил Турдукуловдун Кыргызстандан чыгуусуна тыюу салынышы Бишкектин Ленин райондук сотунун чечимине байланыштуу экендигин билдирди.

Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева Kloop.kgге берген маегинде эмне себептен Турдукуловду чек арадан өткөрбөй койгондуктарын билбестигин айтты — ал билдиргендей, чек арачылардын өткөрүүдөн баш тартышы Ленин райондук сотунун жазма буйругуна байланыштуу болгон.

«Анын чыгуусуна эмне себептен чектөө киргизилгендигин билбейбиз, анткени биз аткаруучу органбыз. Бизге жазма буйрук келген, биз аны аткарууга милдеттүүбүз. Себебин билүү үчүн ал ошол жакка өзү чалып, барышы керек. Силердин сайттагы макаланы окугам, ага бардыгын өтө сылык түрдө түшүрдүрүшүп, кайсыл жакка кайрылышы керектигин айтышкан», — деди ал.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн Ленин районлук сотунун канцеляриясы жеткиликсиз болууда.

«Азаттык» радиосунун маалыматы боюнча, Турдукуловдун өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынгандыгы анын жеке компаниялардын биринен ири өлчөмдөгү насыя алгандыгы менен байланыштуу — басылма бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук сотуна шилтеме жасоо менен жазган.

«Алынган маалыматка ылайык, Адил Турдукулов жеке компаниялардан ири өлчөмдө насыя алган. Ал насыяны төлөөдө 600 доллар карыз болуп калган. Насыя берген тарап Турдукуловдон карызды өндүрүп берүү үчүн сотко кайрылган», — деп жазган басылма.

Турдукуловдун өзү Kloop.kgге берген маегинде чынында эле насыя алгандыгын жана кичи насыя берчү компанияга 600 АКШ долларын карыз болуп калгандыгын билдирди. Бирок анын пикиринде, бул «формалдуу шылтоо», а өлкөдөн чыгууга тыюу салынышынын жүйөсү — «саясий».

«Дооматтар ошол компания тарабынан айтылган, бирок биз ал дооматтар боюнча чечишкенбиз. Алар өз учурунда төлөбөгөндүгүмө байланыштуу болчу. Бирок мен аларды төлөп берүү милдетимен баш тарткан эмесмин. Менде соттун жазма буйругу тууралуу маалымат жок болчу. Эгер билсем [өлкөдөн чыгууга] аракет да кылмак эмесмин», — деди ал.

Өлкөдөн чыгууга тыюу салышкан

Оппозиционер маселени Ленин райондук сотунун төрагасы жана кичи насыя берүүчү компания менен биргеликте 26-январда чече тургандыгын кошумчалады.

«Чыныгы себептерин аныктап, жазма буйрукту жокко чыгаруулары үчүн соттук аныктамага аракет кылам. Эгер алсам өлкөдөн чыгышыма уруксат берүүлөрү үчүн Чек ара кызматына барам. Шейшембиден шаршембиге караган түнү АКШга каттам бар. Эгер ошол маалда чыгып кетсем негизги иш-чараларга жетишип барам», — деди ал.

23-январь күнү кечинде «себептерин түшүндүрбөстөн эле» оппозициялык саясатчы Адил Турдукуловдун Кыргызстандан чыгышына уруксат бербей коюшкан. Президент Атамбаевди эң көп сынга алып келген ал АКШга учуу үчүн Алматыга бара жаткан.

Мурунку дипломатиялык ишмер жана президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси Адиль Турдукулов бийликти — анын ичинде бюджеттик каражаттардын сарпталышын сындап келгендиги менен белгилүү.

Ал 2014-жылы тарапташтары менен бирге президентти жана анын жүргүзүп жаткан саясатын сындаган бир нече нааразычылык акцияларын өткөргөн. Бирок ал чогулуштардын көбү милиция тарабынан кармап кетүүлөр менен аяктаган.

Kloop.kgнин редакциясынын түшүнүүсү боюнча, Турдукулов менен болгон бул окуя — 2010-жылдан бери оппозициялык адамды Кыргызстандан чыгарбай жаткан биринчи учур.