23-январь күнү кечинде «себептерин түшүндүрбөстөн эле» оппозициялык саясатчы Адиль Турдукуловдун Кыргызстандан чыгуусуна уруксат бербей коюшту. Президент Атамбаевди эң көп сынга алып келген ал АКШга учуу үчүн Алматыга бара жаткан.

Турдукулов Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде  аны Кыргызстандан чыгарбай жаткандыктарынын себебин түшүндүрбөгөндүктөрүн айтты.

«Себебин, эмненин негизинде кармап жаткандыктарын эч түшүндүрүшпөй эле. Азыр мен Ак жол өткөрмө пунктундамын. Кайсыл бир соттун чечиминин негизинде деп атышат. Бирок анын мазмуну, ким бергендиги, эмнеге экендиги тууралуу  эч нерсе айтышпай эле», — деди Турдукулов Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон телефон аркылуу маегинде.

Бир канча убакыттан кийин ал кайра телефон чалып, Бишкекке кайтып келе жатканын билдирди.

Ал АКШга 24-январга караган түнү учушу керек болчу. Анда Турдукулов «сенаторлор менен жолугушууну» пландаган.

«Анда сенаторлор, Кыргызстан менен алектенген уюмдар менен жолугушуу болмок», — деди ал.

Kloop.kgнин кабарчысы Турдукуловду өткөрбөй койгон чек ара кызматкери менен сүйлөшүүгө аракет кылды, бирок ал түшүндүрмө берүүгө укугу жок экенин билдирип, маектешүүдөн баш тартты.

Турдукулов президентке каршы өткөн митингдерде бир нече жолу кармалган.
Турдукулов президентке каршы өткөн митингдерде бир нече жолу кармалган.

Турдукуловдун тарапташы, активист Тимур Саралиев Kloop.kgге берген маегинде анын маалыматтары боюнча, оппозициячыл активистти өлкөдөн чыгарбай жатышы Бишкектин Ленин райондук сотунун чечимине байланыштуу.

«Чек ара кызматкерлеринде Турдукуловдун сыртка чыга албай тургандыгы жөнүндөгү далилсиз сөздөрдөн башка документалдуу негиз жок экен. Мунун бардыгын атайын уюштурулган тоскоолдук деп божомолдоого негиз бар», — деп эсептейт ал.

Турдукловдун өзү кийинчерээк Kloop.kgге берген маегинде соттун чечими тууралуу эч нерсе билбестигин айтты — айтымында, өлкөдөн чыгууга тыюу сала тургандай ага карата эч кандай кылмыш иши козголгон эмес же тергөө иштери жүрбөй эле.

«Дүйшөмбү күнү Ленин райондук сотуна кайрылам. Кандайдыр бир түшүнбөстүктөр же каршы пикирлердин бар-жоктугун тактайм. Маселенин чечилээр-чечилбесин билбейм. Эгер бардыгын чече алсам шейшембиден шаршембиге караган түнү АКШга каттам бар», — деди ал.

Мурунку дипломатиялык ишмер жана президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси Адиль Турдукулов бийликти — анын ичинде бюджеттик каражаттардын сарпталышын сындап келгендиги менен белгилүү.

Ал 2014-жылы тарапташтары менен бирге президентти жана анын жүргүзүп жаткан саясатын сындаган бир нече нааразычылык акцияларын өткөргөн. Бирок ал чогулуштардын көбү милиция тарабынан кармап кетүүлөр менен аяктаган.

Энергокаатчылыкка каршы митингде активисттердин кармалышы:

Kloop.kgнин редакциясынын түшүнүүсү боюнча, Турдукулов менен болгон бул окуя — 2010-жылдан бери оппозициялык адамды Кыргызстандан чыгарбай жаткан биринчи учур.