«Курманжан Датка» тасмасынын жаратуучулары, Кыргызпатент жана Мамлекеттик «Кыргызфильм» фондунун өкүлдөрү тасма ачык жеткиликтүү сервиске каракчылык жол менен уурдалып жайгаштырылгандыгын билдиришти. Күн мурун тасманын толук версиясы YouTube сервисинде пайда болгон.

Тема боюнча: «Курманжан Датка» тасмасы каракчылык жол менен YouTube сервисине жайгаштырылды

Мамлекеттик «Кыргызфильм» фондунун директору Урмат Айталиев тасманы каракчылык жол менен уурдоо аракеттери  2014-жылдын ноябрында — «Курманжан Датка» кыргыз кинотеатрларынын экранына чыккандан эки ай өткөн соң башталгандыгын билдирди.

«Тасма прокатка чыккандан тартып эле аны уурдоо аракеттери болгон. Тасманын каракчылык менен уурдалгандыгы тууралуу алгачкы маалымат 2014-жылдын ноябрында келип түшкөн. Муну менен азыр экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдар алектенип жатышат. Алгачкы колго түшүрүүлөр Нарын облусунун Ат-Башы аймагында болгон. Тергөө жүрүп жатат. Үч күн мурун mts.kg сайты тасманы бардыгына жеткиликтүү кылып жайгаштырган. Укук ээлеринин уруксаты жок бул дагы каракчылык деп эсептелет», — деди Айталиев.

Мамлекеттик «Кыргызфильм» фондунун директору Урмат Айталиевдин айтымында, тасманы жарнамалоо жана жайылтууга 150 миң АКШ долларына жакын каражат жумшалган.
Мамлекеттик «Кыргызфильм» фондунун директору Урмат Айталиевдин айтымында, тасманы жарнамалоо жана жайылтууга 150 миң АКШ долларына жакын каражат жумшалган.

«Айтыш фильм» киностудиясынын директору Фархад Бекмамбетов тасманы каракчылык жол менен жайылтуу «Курманжан Датканын» эл аралык аренада жайылышына жана анын чет өлкөлөрдөгү кинофестивалдарга катышуусуна чоң зыян келтирип жатканын айтты.

«Бул өтө жаман. Кыргызфильм фонду муну токтотуу боюнча көп иштерди жасады. Бирок ошентсе да тасма социалдык түйүндөрдө таралууда. Биз тасманын көчүрмөсүн таратпооңуздарды өтүнөбүз. Азыр бизде мындай иштер менен алектенип жаткан бир нече киши тууралуу маалыматтар бар», — деди Бекмамбетов.

«Курманжан Датка» — эгемендүү Кыргызстандын кинематографиясынын тарыхындагы бюджети 1,5 миллион АКШ долларын түзгөн эң кымбат тасма — ал мамлекеттик бюджеттен каржыланган.

Тасманын премьерасы 31-августта, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүндө болгон. Тасма көбүнчө маалымат каражаттары жана коомчулук тарабынан жакшы кабыл алынган.

Ал бүгүнкү күндө да кинотеатрларда көрсөтүлүүдө.