Борбордук шайлоо комиссиясы Урмат Аманбаеваны депутаттык мандатынан ажыратты. Бул анын Оштогу кургач учукка каршы күрөшүү борборунда иштеп турганда «коррупциялык схемаларды» түзгөн деп айыпталуусунан кийин оорун алууда.

Боршайкомдун жыйыны 23-январда болду — анда комиссия  «Республика» фракциясынын депутаты Урмат Аманбаеванын Конституция жана «Депутаттын макамы жөнүндөгү» мыйзамда тыюу салынган жеке ишкердик менен алектенгендиги үчүн аны мандатынан ажыратуу чечимин кабыл алды.

БШКнын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, башында БШКнын мүчөсү Рашид Бекбасаров турган атайын жумушчу топ Аманбаеванын ишмердүүлүгүн текшерип, ал бир канча компаниянын ээси экенин далилдеген.

24.kg маалымат агенттиги Бекбасаровго шилтеме жасоо менен жумушчу топ депутат Аманбаеванын бизнесин үчүнчү бир адамдарга бергендигин көрсөткөн документтерди таппагандыгын жазды.

«Аны менен катар профилдик мекемелердин отчетторунда башкача экендиги күбөлөндүрүп тургандыгына карабастан Аманбаева кирешелери тууралуу деклорациясында ишканаларын көрсөткөн эмес», — деп жазган 24.kg агенттиги Бекбасаровдун айткандарын.

Түшүндүрмө алуу үчүн Бекбасаровдун өзү жеткиликсиз болууда.

БШКнын басма сөз кызматынан Kloop.kgге Аманбаеваны мандатынан ажыратуу үчүн БШКнын 12 мүчөсүнүн 10у добуш бергендиктерин билдиришти.

«АКИпресс» маалымат агенттиги Аманбаева БШКнын бул чечими боюнча сотко кайрыла ала тургандыгын жазды.

Парламенттик «Республика» фракциясынын лидери Максат Сабиров Kloop.kgге берген маегинде Боршайком Аманбаеваны мандатынан соттун чечими менен ажыратышы керек болгондугун билдирди.

«Чынында эле мандатынан соттун чечиминен кийин ажыратуулары керек болчу деп ойлойм. Анда  Аманбаеванын жеке ишканалары бар экендигин далилденди деп айтып жатышат, бирок баары бир мандатынан ажыратуу чечимин соттон кийин кабыл алуулары керек болчу», — деди Сабиров.

Анын айтымында, «эгер Аманбаева суранса» фракция анын сот аркылуу чечимди жокко чыгаруусуна жардам берет.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн Аманбаеванын өзү жеткиликсиз болууда.

«Коррупциялык схема»

Башкы прокуратура Аманбаева 2009-жылы Оштогу кургач учукка каршы күрөшүү борборунда эсепчи болуп турганда коррупциялык схемаларды түзгөндүгүн жана төрт жылдын ичинде мамлекетке 17 млн. сом өлчөмүндө зыян алып келгендигин билдирген.

«Көрсөтүлгөн жеткирүү үчүн [дары-дармектерди] көрсөтүлгөн ЖЧКга бюджеттик акча которулуп, кийин ал У.Аманбаева жана топтун башка мүчөлөрү тарабынан өздөштүрүп алынып турган», — деп билдирген Башкы прокуратура.

Ал «коррупциялык схемага» ылайык, Аманбаева Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору үчүн дары-дармектерди жеткирип бериши керек болгон «жалган» компания түзгөн.

Өз кезегинде ал компания Аманбаеванын башчылыгы алдында жалган тендерлерге катышкан. Фирма жеңишке жеткенден кийин ага республикалык бюджеттен кургак учукка каршы күрөшүүгө керектүү дары-дармектерди жеткириши үчүн акча бөлүнүп турган.

Бирок медикаменттер сатылып алынбай, ага бөлүнгөн каражат дары-дармектердин жеткирилгендиги жана пайдаланылгандыгы тууралуу жалган документтерге кол койгон «коррупциялык схеманын» катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүлүп келген.