Microsoft компьютер, планшет жана телефондор үчүн алдыда чыгарыла турган Windows 10 операциялык системасы тууралуу жаңы маалыматтарды ачыкка чыгарып, HoloLens голографиялык көз айнектери менен 84 дюймдагы Surface Hub планшетин коомчулукка тааныштырды.

Microsoft корпорациясы 21-январдагы чоң презентациясында Windows 10 жаңы операциялык системасына жана коомчулукка жаңы тааныштырылган түзмөктөргө байланышкан көптөгөн маанилүү анонсторду жасады.

Windows 10

Microsoft корпорациясынын коомчулукка өткөн жылдын сентябрында тааныштырылган операциялык системасынын жаңы версиясы компьютерлер менен планшеттерде гана эмес (мисалы, Windows 8.1 сыяктуу), смартфондордо да иштейт. Аны менен катар эскертүүлөр менен белгилүү бир колдонмолордун иши бир аккаунтка бекитилген түзмөктөрдө синхрондошот.

Windows 10дун мобилдик версиясы жөнөкөй түрүлгөн  десктоп системасы болбойт. Сыртынан жана программалык жактан Windows 10 смартфондор үчүн дээрлик Windows Phone 8.1ден айырмаланбайт, ошол эле маалда Windows 10 планшеттер үчүн функционалдуулук жагынан мурдагы версиясынын дал өзүндөй болот.

Windows 10 планшетте
Windows 10 планшетте

Андан сырткары Windows 10дун десктоп версиясына азырынча Windows Phone 8.1 менен иштеген телефондордо гана жеткиликтүү болгон Cortana үн жардамчысы туура келет. Cortanaнын кызматтарын Apple компаниясынын ушундай эле Siri жардамчысыныкы менен салыштырууга болот: бул дагы издөө сурамдарын аткарган, жылсанакта жолугушууларды белгилеген жана кабыл алынбаган чалууларды текшере турган толук кандуу аңгемелешүүчү.

Сервистери менен колдонмолорунун тыгыз байланышына басым жасоо менен Microsoft Office колдонмосун телефондор менен планшеттерде колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү. Функционалдык жагынан анын десктоптук жана мобилдик версиялары дээрлик айырмаланбайт, аны менен катар бир аккаунтка бекитилген түзмөктөрдө документтердин толук синхрондошуусу иштейт.

Windows 10дун колдонмолорунун синхронизациясы жана бэкаптары үчүн OneDrive сервиси пайдаланылат, мындан сырткары сервис музыка жана сүрөттөрдү сактайт.

Windows 10 операциялык системасы быйыл чыгат, аны менен катар Windows 7, Windows 8.1 жана Windows Phone 8.1дин колдонуучулары жаңы версияга чейин бекер жаңыланууларды ала алышат. Бирок колдонуунун алгачкы бир жылынан кийин баары бир акча төлөөгө туура келет.

Spartan жаңы браузери жана компьютерлердеги Xbox

Ошондой эле Microsoft Internet Explorerдин ордуна Project Spartan браузери келе тургандыгын билдирди. Коомчулукка тааныштырылган браузер жөнөкөйлөтүлгөн интерфейсте иштеп, Cortana менен тыгыз байланышка ээ болот.

Windows-10-Spartan-Browser-Concept-Looks-Better-than-the-Real-Deal-469390-2-1024x638

Microsoft компаниясынын жаңы браузеринде кошумча эки режим жеткиликтүү болот. «Кыска жазуулар режиминде» ачык турган веб-баракчаларда эле жеке белгилерди коюуга мүмкүн болот, а «Окуу режиминде» баракча автоматтык түрдө окуу үчүн ыңгайлуу болгон түргө форматталат. Аны менен катар кийин окуу үчүн шилтемелерди сактап коюу функциясы пайда болот.

Андан сырткары Xbox Live сервиси чоң жаңыланууларды алат. Жаңы колдонмо видеого тартып, скриншотторду жасоого мүмкүндүк берет, ошондой эле Xbox One консолу аркылуу Xbox Live аккаунтуна кирүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Ошондой эле Microsoft корпорациясынан эми кооперативдик оюндарды түрдүү платформаларда — Xbox One менен компьютерлерде өтүүгө мүмкүн боло тургандыгын билдиришти. Аны менен катар Windows 10дун башкаруусундагы түзмөктөрдө оюндардын стриминг функциясы пайда болот.

Surface планшетинде Xbox One менен оюндун стриминг функциясынын көрсөтүлүшү

HoloLens голографиялык көз айнектер жана 84-дюймдагы Surface Hub планшети

Microsoft компаниясы презентациясында эки технологиялык жаңы иштеп чыгуусун көрсөттү — кошумча реалдуулугу бар HoloLens көз айнеги жана Surface Hub планшет-телевизору.

HoloLens — кошумча реалдуулугу бар көз айнек, башкы өзгөчөлүгү катары курчап турган чөйрөдө голографиялык сүрөттөлүштөрдү түзүү болуп эсептелет. Алсак, кошумча реалдуулугу бар Oculus Rift, Project Morpheus же Samsung Gear VR көз айнектеринен айырмаланып, HoloLens көз айнектери сүрөттөрдү түзбөйт, а курчап турган чөйрөнү голографиялык сүрөттөлүштөр менен толуктайт.

Аны менен катар колдонмо компьютерге же смартфонго бекитилбеген шартта өз алдынча иштейт — HoloLens өз процессорлору жана сенсорлордун жыйындысы менен камсыздалган. Азырынча түзмөк үчүн жеткиликтүү болгон колдонмолордон Minecraft, Skype жана Марстын бетинин симуляциясы көрсөтүлгөн.

HoloLensтин Microsoft компаниясы тарабынан көрсөтүлгөн таасир калтырчу мүмкүнчүлүктөрү

Surface Hub — 84 дюйм диоганалдагы экраны бар планшет. Түзмөк компания тарабынан командалык жана корпоративдик иштер үчүн компьютер катары тааныштырылууда. Surface Hubдын сенсор экраны стилустар менен иштейт, ошондой эле түзмөк камералар, микрофон жана видеоконференциялар үчүн сенсорлор менен жабдылган.

84 дюйм диоганаль экрандуу Surface Hub планшети

Түзмөктө Windows 10дун колдонмолору толук режимде иштейт, бирок азырынча Surface Hub тууралуу мындан кененирээк маалымат жок — анын планшет катары же толук кандуу компьютер катары иштээр-иштебеси азыр түшүнүксүз.

HoloLens менен Surface Hubдын сатууга качан чыгары жана баалары тууралуу маалыматтар айтылган жок.