Парламент депутаттары башкы прокурор Аида Салянованын отставкасын колдоп добуш беришти. Ал кызматтан кетүү тууралуу арызын 19-январда жазган.

Аида Салянованын кызматтан кетүү тууралуу жазган арызы 21-январда парламент жыйынында каралды. Добуш берүүнүн жыйынтыгында, башкы прокурордун отставкасын 57 депутат колдоп, 18 депутат «каршы» добуш беришти.

Башкы прокурордун отставкасы үчүн депутаттардын кеминде үчтөн биринин добушу керек болчу.

Ал ортодо башкы прокурордун отставкасына каршы болгон элүүдөн ашык адам Ак үйдүн алдына чогулушту.

Салянова кызматтан кетүү тууралуу арызын 19-январда жазган.

Салянованын отставкага кете тургандыгы жөнүндөгү маалымат анын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго каршы кылмыш ишинин козголгондугу тууралуу жаңылыктардын фонунда пайда болгон.

Тема боюнча: УКМК Салянованын күйөөсүнө карата кылмыш ишинин козголгондугун ырастады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматы боюнча, Абдыкапаров «алдамчылык» жана «кызмат абалын кыянат пайдалануу» беренелери боюнча айыпталууда.

Аиди Салянова жолдошу сыяктуу эле айтылган айыптоолорду четке кагууда.

Салянова башкы прокурор болуп турган мезгилде саясатчылардын, анын ичинде парламенттин депутаттарына карата рекорддук сандагы кылмыш иштери ачылган.

Кылмыш иштери боюнча айыпталып жаткандардын арасында учурда парламентарийлер Урмат Аманбаева, Нурлан Төрөбеков, Каныбек Осмоналиев, Нариман Түлеев жана Акматбек Келдибеков бар.

«Саляновадай президент»

Алгач Салянованын кызматтан кетиши ыктымалдыгы тууралуу билдирүүлөр президент Алмазбек Атамбаевдин 2014-жылдын аягындагы маалымат жыйынына бер нече күн калганда пайда болгон. Бирок өлкө башчысы маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен болгон маегинде Салянова отставкага кетпегендигин, болгону эмгек өргүүсүнө чыккандыгын айтып ишендирген.

Атамбаев башкы прокурор көп сынга кабылаарын, бирок ага карабастан ал өлкөгө абдан керек экендигин айткан. Ал өлкөнүн кийинки президенти Саляновадай адам болсо деген каалоосун билдирген

«Салянова тууралуу дагы бир жолу айтам. Ал эмгек өргүүсүнө чыкты, анткени ал чарчады. Мен Салянова – өлкөгө керектүү адам деп айткым келет. Келечекте бизде Саляновадай президент болсо экен», — деген анда Атамбаев.

Жаңы жылдын алдында президент Салянованы II даражадагы «Манас» ордени менен сыйлаган.

Элчилик же партиялардын тизмесинде

Pro-KG аналитикалык борбору жана сайтынын башчысы, парламенттин экс-депутату Алишер Мамасалиев өз порталына Салянова кызматтан кеткенден кийин чет өлкөлөрдүн бирине элчи болуп барышы же алдыңкы саясий партиялардын партиялык тизмесине кириши мүмкүндүгүн жазды.

«Алгач, анын жаңы жумушчу орду Кыргызстандын стратегиялык өнөктөштөрү болгон өлкөлөрдүн бириндеги дипломатиялык миссияда болот деген божомолдор бар. Анткени кадрдык орун алмаштыруулардын негизги маселелеринин бири — мурунку башкы прокурор Аида Салянованын мурунку профессионалдык ишмердүүлүгүнүн контекстинде кандай гана саясий же коомдук басым болбосун алардан коргоо болгон жана боло берет», — деп жазган Мамасалиев.

Анын булактарына ылайык, Салянова Кыргызстандын АКШдагы элчиси болушу керек болчу, бирок АКШнын Мамдепартаментинин баш тартуусунан кийин ал орунга президенттин басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов сунушталган.

«Америкалыктардын Аида Салянованын агреманынан баш тарткандыктары Кыргызстандын белгилүү саясий адамдарынын резонанстуу камакка алынгандыктарына байланышкан саясий жүйө менен түшүндүрүлгөн. Мындай дипломатиялык канфуз Кыргызстандын ТИМинин жетекчилигинин гана эмес, Ак үйдүн жетинчи кабатында да катуу кыжырданууларды жаратты», — деп жазган мурунку депутат.

Президенттин аппаратынан Салянованын Кыргызстандын чет өлкөлөрдүн бириндеги элчиси болуп дайындалуу ыктымалдыгы тууралуу маалыматты ырасташкан жок.