Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы башкы прокурор Аида Салянованын жолдошу «алдамчылык» жана «кызмат абалын кыянат пайдалануу» беренелери боюнча айыпталып жаткандыгын билдирди.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов Салянованын жолдошу — Бакыт Абдыкапаров — «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызмат адамдарына карата козголгон «кылмыш ишин токтотуу» жөнүндөгү иш боюнча айыпталуучу катары өтүп жаткандыгын билдирди.

«Тергөөнүн жүрүшүндө бир нече адамдан турган топ алдамчылык жол менен КР УКМКсы тарабынан «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызмат адамдарына карата козголгон кылмыш ишинин токтотулушуна көмөктөшүү үчүн 50 000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алгандыктары тууралуу маалымат колго тийди», — деп билдиришти УКМКдан.

УКМКнын маалыматы боюнча, бул иш боюнча күбөлөр башкы прокурордун жолдошу Абдыкапаровго каршы көрсөтмө беришкен.

Салянованын күйөөсү Кылмыш кодексинин «алдамчылык» жана «кызмат абалын кыянат пайдалануу» беренелери боюнча айыпталууда. Бул беренелер боюнча ал 5 жылдан 23 жылдык мөөнөткө чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

УКМКдан Абдыкапаровдун «мыйзамсыз көмүр ташуу» боюнча экинчи кылмыш ишине тиешеси бардыгы тууралуу маалыматты четке кагышты. Бул тууралуу буга чейин «Азаттык» радиосу билдирген болчу.

«Көрсөтүлгөн кылмыш иши боюнча Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы Н.Д., Экономикалык кылмыштар боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкери М.М., «Электр станциялары» ААКсынын коммерциялык директору К.И. жана Бишкек Жылуулук электр борборунун жумушчусу Т.М., ошондой эле «Жезказган Энергосбыт» компаниясынын өкүлү Т.Б.га айып тагылган», — деп жазылган мекеменин пресс-релизинде.

Башкы прокурордун жолдошуна карата кылмыш иши Салянованын отставкага кеткендиги тууралуу ушактардын фонунда козголду.

Салянованын күйөөсү — кылмыш иштерине тиешеси бар деп шектелген башкы прокурордун экинчи жакын тууганы. Буга чейин анын аталаш тууганы Калый Салянов 20 жаштагы Калия Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинде шектүү катары өткөн — каза болгон кыздын атасынын айтымында, Салянов кылмыштын мурунку күнү анын кызы менен байланышка чыккан.

Салянова башкы прокурор болуп турган мезгилде саясатчылардын, анын ичинде парламенттин депутаттарына карата рекорддук сандагы кылмыш иштери ачылган.

Кылмыш иштери боюнча айыпталып жаткандардын арасында учурда парламентарийлер Урмат Аманбаева, Нурлан Төрөбеков, Каныбек Осмоналиев, Нариман Түлеев жана Акматбек Келдибеков бар.